РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 379-б (Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана 2020-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын жыйноодо айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө) буйругу

Редакцияот 18.11.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 18-ноябры № 379-б

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана 2020-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын жыйноодо айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 2020-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн 2020-жылдын 1-сентябрынан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде республика ичиндеги каттамда темир жол транспорту аркылуу ташууну 2016-жылдын деңгээлинде бекитилген темир жол тарифтик ставкасына 20% өлчөмүндө үстөк акы кошуу менен камсыз кылсын.

2. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2020-жылдын 1-сентябрынан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде 2020-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын ташуу үчүн айып санкцияларын койбостон ушул буйруктун 1-пунктунда белгиленген темир жол тарифтерин колдонсун.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

 

С.Н.Жапаров