КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-декабрындагы № 392-б «2020-жылдын 8-9-декабрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарындагы облустардын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынынын ишине катышуу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 4-декабры № 392-б
2020-жылдын 8-9-декабрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында боло турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарындагы облустардын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2020-жылдын 8-9-декабрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарындагы облустардын акимдеринин кеңешинин үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Расмий делегация: | ||
Новиков Артем Эдуардович | - | Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр; |
Жунусов Ибрагим Коджоназарович | - | Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Токтогазиев Тилек Мурсалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри; |
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жалалов Жаныбек Махматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Ниязалиев Нуран Садырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Акматов Данияр Барпыевич | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору. |
Коштоочу адамдар: | ||
Ажымалиев Тимурлан Максатбекович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; |
Аблаев Азамат Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Жанибек уулу Мирланбек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун эксперти; |
Бабаканова Назгуль Айтбосуновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Тотуяев Улан Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директору; |
Абылкасымов Садык Тологонович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн референти; |
Бабаев Алтынхан Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн референти; |
Кочкорбаев Сагын Абдумуталипович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары; |
Бегматова Асель Абжалалбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Нарматова Гульнур Балтабаевна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий башкармалыгынын биринчи катчысы. |