Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2020-жылдын 30-декабры № 412-б

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишине байланыштуу маселелерди тартипке келтирүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министринин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

А.Э.Новиков

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү саясатын координациялоо бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасымын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;