РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 29-б «Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлоруна отунду жеткирүүнү каржылоо үчүн шарттарды түзүү жөнүндө» буйругу

Редакцияот 17.02.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 17-февралы № 29-б

Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлоруна отунду жеткирүүнү каржылоо үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 326-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги 2020-жылдын сентябрь-декабрындагы мезгилде "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна 1000000000 (бир миллиард) сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит, анын ичинде импорттолгон электр энергиясына төлөөгө - 82573246 (сексен эки миллион беш жүз жетимиш үч миң эки жүз кырк алты) сом, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорунун керектөөлөрү үчүн отун сатып алууга - 917426754 (тогуз жүз он жети миллион төрт жүз жыйырма алты миң жети жүз элүү төрт) сом берсин жана белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:".

 

Премьер-министр

У.А.Марипов