РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 43-б «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы Соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө» буйругу

Редакцияот 01.03.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 1-марты № 43-б

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы Соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

 

Премьер-министр

 

У.А. Марипов

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы Соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Казакстан Республикасынын Юстиция министрлиги, мындан ары "Тараптар" деп аталуучу,

соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө байланыштарды түзүүгө умтулуп жана болгон достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо Тараптардын мамлекеттеринин улуттук кызыкчылыктарына жооп берет деп эсептеп,

соттук-эксперттик иштин маселелери боюнча укук жана укук колдонуу практикасы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу мамилелерди мындан ары чындоо максатында,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Тараптар соттук-эксперттик иштин теориялык жана укуктук, уюштуруучулук жана методикалык көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө иштери, эксперттик изилдөөнүн жаңы методдорун түзүү жана колдонуудагы методдорун өркүндөтүү, эксперттик практикада тажрыйба алмашуу жаатында кызматташат.

2-берене.

Ушул Макулдашуунун негизинде кызматташуу түздөн-түз, ошондой эле Тараптардын ар бири тарабынан аныкталган компетенттүү бөлүнүштөр аркылуу жүзөгө ашырылат.

3-берене.

Тараптар алардын компетенциясына кирген төмөнкү тармактар боюнча соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрөт:

- соттук-эксперттик иштин көйгөйлөрү боюнча илимий иштерди координациялоо, методдорун жана ыкмаларын биргелешип иштеп чыгуу;

- маалыматтык-маалымдама иш жатында маалымат алмашуу;

- жаңы методдорду жана ыкмаларды өздөштүрүү үчүн биргелешкен семинарларды, курстарды өткөрүү;

- соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, аталган адистерди такшалмадан өткөрүү;

- методикалык жана илимий адабияттарды алмашуу;

- илимий жана эксперттик иш маселелеринде бири-бирине илимий методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү.

4-берене.

Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу багыттарын иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.

5-берене.

Эгерде алар башкача макулдашпаса, Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды өз алдынча көтөрүшөт.

6-берене.

Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууда Тараптар орус тилин колдонушат.

7-берене.

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча, ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.

8-берене.

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.

9-берене.

Бул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлүп, кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Тараптардын ар бири дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирүү менен ушул Макулдашуу токтотулушу мүмкүн. Ушул Макулдашуунун колдонулушу экинчи Тарап мындай билдирүү алгандан кийин алты ай өткөндөн кийин токтотулат.

 

__________________ шаарында 2021-жылдын "___" ________________ эки нускада кыргыз, казак жана орус тилдеринде, бирдей юридикалык күчкө ээ.

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кандайдыр бир пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн

 

Казакстан Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн

______________________________________________

 

______________________________________________