КР Премьер-министринин 2021-жылдын 17-мартындагы № 184 «Россия Федерациясынын Свердлов облусунун губернатору Куйвашев Евгений Владимирович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө» буйруку
Бул документ орус тилинде да барРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2021-жылдын 17-марты № 184
Кыргыз-россиялык региондор аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы шериктештик мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон орчундуу салымы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Россия Федерациясынын Свердлов облусунун губернатору Куйвашев Евгений Владимирович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.
Премьер-министр | У.А.Марипов |