РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 480 «Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёк тууралуу» буйругу

Редакцияот 28.04.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

 

БУЙРУК

2021-жылдын 28-апрели № 480

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өз ара ишенимди жогорулатууга, соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө, маданий өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүгө жана парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүгө кошкон зор салымы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.

 

Премьер-министр

 

У. Марипов