КР Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 157-т «Инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 27-августу № 157-т
Инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги чакан гидроэлектр станцияларын куруу үчүн суу фондунун төмөнкү жер участокторун “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомуна 49 жылдык мезгилге мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин:
- Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Киров суу сактагычынын плотинасынын төмөнкү бьефинде жайгашкан 0,50 га аянтын;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Кол облусундагы Орто-Токой суу сактагычынын плотинасынын төмөнкү бьефинде жайгашкан 7,20 га аянтын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) жана “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл бол гон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У.А. Марипов |