КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 95-б (Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин өткөрүп берүү актысы жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 16-апрели № 95-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаны түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 94-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин өткөрүп берүү актысы тиркемеге ылайык бекитилсин
Премьер-министр | У.А.Марипов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин өткөрүп берүү актысы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 '‘Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 9-бөлүгүнө, Кыргыз Реснубликасынын Граждандык кодексинин 94-беренесине ылайык биз, төмөндө кол койгон Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 26-февралындагы № 26 буйругу менен түзүлгөн комиссиянын төмөнкү курамдагы мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы Шамшиев А.А. (комиссиянын төрагасы), Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Шаршеев А.О. (комиссиянын тең төрагасы), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтык системалар жана модернизациялоо башкармалыгынын начальниги Азимбаев A.Ш., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын мамлекеттик сектор бөлүмүнүн башчысы Стамалиев Т.А., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уюштуруу-административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Абдразакова К.А., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансылык пландоо бөлүмүнүн башчысы Исаева С.С., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматгык системалар жана модернизациялоо башкармалыгынын техникалык колдоо бөлүмүнүн башчысы Исаков Н.М., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансылык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Раева Н.Б., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын укуктук экспертизалоо бөлүмүнүн башкы адиси Молдоканова Д.Н., Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уюштуруу-административдик камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Эсенаманов А.К., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын начальниги Тойгонбекова В.К., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын финансылык пландоо жана эсепке алуу секторунун башчысы Досалиева Г.С., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын техникалык жана уюштуруучулук колдоо жана сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Жетигенов Б.Ж., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын IT маалыматтык жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Исаева Э.Р., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын финансылык пландоо жана эсепке алуу секторунун башкы адиси Базарбаева А.Ш., Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын IT маалыматтык жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Шакиров Ж.К. борбордук аппарат, аймактык бөлүмдөр жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин базасында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери өкүлчүлүгү боюнча ушул Өткөрүп берүү актысын түздүк.
Жогоруда аталган комиссия тарабынан баланстык мүлктү эсепке алуу жана баалоо жүргүзүлгөн жана инвентаризациялоонун натыйжасында төмөнкү негизги каражаттар, анча баалуу эмес жана бат эскирүүчү предметтер жана кайра уюштурулган Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги боюнча милдеттер белгиленген.
1. Өткөрүп берүү актысынын тиркемелерине ылайык 2021-жылдын 1-мартына карата активдер жана пассивдер:
- эсептелген эскирүүнү көрсөтүү менен негизги каражаттар (имараттар жана курулмалар, эмерек, уюштуруу техникасы, офис жабдуулары жана башка негизги фонддор) бюджеттик каражаттар боюнча өткөрүп берүү актысынын 1-тиркемесинде жана борбордук аппараттардын, аймактык башкармалыктардын жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүктүн атайын каражаттары боюнча өткөрүп берүү актысынын 2-тиркемесинде келтирилген;
- эсептелген эскирүүнү көрсөтүү менен негизги каражаттар (кызматтык автомашиналар) борбордук аппараттардын, аймактык башкармалыктардын жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүктүн өткөрүп берүү актысынын 3-тиркемесинде келтирилген;
- анча баалуу эмес жана бат эскирүүчү предметтер түрлөрү боюнча борбордук аппараттардын, аймактык башкармалыктардын жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүктүн өткөрүп берүү актысынын 4-тиркемесинде келтирилген.
2. Кредитордук жана дебитордук карыздар (отчеттук мезгилдеги дебитордук карыздын кыймылы жөнүндө жалпыланган маалымат, ошондой эле бюджеттик каражаттар жана казыналыктын атайын жана депозиттик эсептериндеги каражаттар бөлүгүндө милдеттер боюнча өзгөрүүлөр) өткөрүп берүү актысынын 5-тиркемесинде жана борбордук аппараттардын, аймактык башкармалыктардын жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүктүн өткөрүп берүү актысынын 6-тиркемесинде келтирилген.
3. Өткөрүп берүү актысынын 7-тиркемесине ылайык жылдык бюджеттери менен борбордук аппараттар боюнча штаттык сан кайра уюштурулган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги боюнча - 192 638 000 (жүз токсон эки миллион алты жүз отуз сегиз миң) сомду жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги - 131 587 600 (жүз отуз бир миллион беш жүз сексен жети миң алты жүз) сомду, ошондой эле аймактык башкармалыктардын бюджета Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги боюнча - 258 280 700 (эки жүз элүү сегиз миллион эки жүз сексен мин. жети жүз) сомду, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги - 24 050 100 (жыйырма торт миллион элүү миц жүз) сомду жана Дүйнолүк соода уюмунун маселелери боюнча екүлчүлүк – 17 403 000 (он жети миллион торт жүз үч миң) сомду түзөт.
4. Укуктар жана милдеттер
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бириктирүү жолу менен кайра уюштурулган Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бардык кредиторлоруна жана карызкорлоруна карата бардык милдеттенмелери, анын ичинде тараптардын талаш милдеттенмелери боюнча укук улантуучусу болуп саналат. Бириктирүү жолу менен кайра уюштурулган Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы мииистрлигинин укуктары жана милдеттери ушул өткөрүп берүү актысына ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине өткөрүлүп берилет.
Өткөрүп берүү актысы үчүн 1-тиркеме
Негизги каражаттар (бюджеттик каражаттар)
Борбордук аппараттар
|
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги | ||||
Эсеп № | Эсептин аталышы | Баштапкы наркы (сом) | Топтолгон амортизация(сом) | Баланстык наркы (сом) |
3111 | Имараттар жана курулмалар | 1 108 693 | 902 443 | 206 250 |
31111110 | Батирлер | 275 000 | 68 750 | 206 250 |
31111120 | Институционалдык имараттар | 0 | 0 | 0 |
31112130 | Аскердик имараттар | 833 693 | 833 693 | 0 |
31112190 | Башка курулмалар | 0 | 0 | 0 |
3112 | Унаалар жана жабдуулар | 159 400799 | 133 158 722 | 26 242 077 |
31121110 | Женил унаалар | 16 772 011 | 11 606 759 | 5 165 252 |
31122110 | Өндүрүш механизмдери жана жабдуулар | 0 | 0 | 0 |
31122190 | Башка механизмдер жана жабдуулар | 1 485 956 | 1 485 956 | 0 |
31123110 | Эмерек | 7 132 208 | 7 058 932 | 73 276 |
31123120 | Офистик эмерек | 7 953 784 | 7 953 784 | 0 |
31123130 | Компьютер жабдуулары | 103 956 426 | 84 630 462 | 19 325 964 |
31123190 | Башка эмеректер жана жабдуулар | 22 093 214 | 20 415 629 | 1 677 585 |
31124100 | Башка негизги фонддор | 7 200 | 7 200 | 0 |
3113 | Бөлөк негизги фонддор | 125 971 701 | 80 697 344 | 45 274 357 |
31132190 | Башка укуктар жана материалдык эмес активдер | 125 971 701 | 80 697 344 | 45 274 357 |
3131 | Баалуу металлдар жана асыл таштар | 0 | 0 | 0 |
31311110 | Баалуу металлдар жана асыл таштар | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы | 286 481 193 | 214 758 509 | 71 722 684 |