Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 26-октябры № 570

(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында ишти уюштурууну өркүндөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

11. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын  Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлору кирүүгө чектөө грифи бар ("КПҮ", "Жашыруун" ж.б.) актылардын долбоорлорун кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына электрондук форматта киргизилет жана кабыл алынат деп белгиленсин.

(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери ушул Регламентти жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

 

А.У. Жапаров