|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын РЕГЛАМЕНТИ
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 59, 2023-жылдын 15-майындагы № 150, 2023-жылдын 6-июнундагы № 165,
2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211,
2024-жылдын 29-мартындагы № 84, 2024-жылдын 29-мартындагы № 85,
2025-жылдын 9-апрелиндеги № 78,
2026-жылдын 16-июлундагы № 142 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентине (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Регламенти) ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) актыларынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары) чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана киргизүү тартибине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) актыларынын долбоорлорун Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизүү үчүн даярдоого, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына (мындан ары - Президенттин Администрациясы) келип түшкөн документтерди кароого карата негизги талаптарды карайт.
Ушул Регламент менен жөнгө салынбаган маселелер Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенти менен аныкталат.
Президенттин Администрациясына жиберилүүчү документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык таризделет.
Документте төмөнкүлөр коюлушу керек: датасы, чыгыш номери, тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө отчетту (маалыматты) же суроо-талапка жоопту жөнөтүүдө - тапшырманын чыгыш номерине шилтеме.
Жогоруда аталган Типтүү нускаманын талаптарына шайкеш келбеген документтер Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын (мындан ары - канцелярия) тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кароосуз кайтарып берилет.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын долбоорлору, ошондой эле башка документтер Президенттин Администрациясынын кароосуна Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Биринчи жетекчилер жок болгон учурда актылардын долбоорлору алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан киргизилиши мүмкүн. Актылардын долбоорлорун башка жактар тарабынан киргизүүгө жол берилбейт, алар киргизилген учурда кароосуз кайтарып берилет.
Мамлекеттик органдын ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, анын карамагында турган мекемелер, ишканалар Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын түздөн-түз тапшырмалары менен байланышкан маселелерди кошпогондо жогору турган мамлекеттик орган аркылуу гана кайрылат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу гана кайрылат, жогоруда аталган адамдардын укукка каршы аракеттерине даттанууларды кошпогондо.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына түздөн-түз кайрыла алат.
Мамлекеттик органдар тарабынан ушул Регламенттин 1-пунктунун талаптарын бузуу менен киргизилген Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дарегине, Президенттин Администрациясына кайрылуулар канцелярия тарабынан дарек ээсине кароосуз кайтарып берилет же жогору турган мамлекеттик органга жиберилет.
Президенттин Администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, актыларын кабыл алуу боюнча сунуштарды камтыган кайрылуулар тейлөөчү чөйрөлөрүнө ылайык мамлекеттик органдарга жиберилет.
Мамлекеттик органдар кайрылууларды иштеп чыгат, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алат, зарыл болгон учурда Президенттин Администрациясына актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизет жана кароонун жыйынтыктары жөнүндө арыз ээлерине маалымдайт.
Чечимдердин (актылардын) долбоорлорун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ыкчам макулдашууга көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары, кийинкиге калтырбай чечүүнү талап кылган учурларды кошпогондо, Президенттин Администрациясы тарабынан каралбайт жана кайтарып берилүүгө тийиш.
ез арада чечим кабыл алууну талап кылган учурларда мамлекеттик органдар чечимдердин долбоорлорун Президенттин Администрациясынын кароосуна дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрү киргизе алат.
Кызматкерлерди дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрүндө ишке тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде киргизилген өзгөчө жана/же согуштук абалды камсыз кылуу менен байланышкан маселелер, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, , Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмалары менен аныкталган маселелер кийинкиге калтырбай чечүүнү талап кылган учурлар болуп саналат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 84, 2025-жылдын 9-апрелиндеги N 78, 2025-жылдын 16-июлундагы № 142 тескемелеринин редакцияларына ылайык)