РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 271-т (Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «COVID-19тун кесепеттерине шашылыш чара көрүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 02.11.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2021-жылдын 2-ноябры № 271-т

Квалификациялуу кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык уюмдарды тез жардам автомашиналары жана санитардык транспорт менен жабдуу аркылуу Кыргыз Республикасында COVID-19га өз убагында чара көрүү жана анын кесепеттерин азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "COVID-19тун кесепеттерине шашылыш чара көрүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Төрага

А.У. Жапаров