КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 8-т (Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби жонундо) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 14-январы № 8-т
Калктын социалдык аялуу катмарына колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду 11467,15 тонна (он бир миң төрт жүз алтымыш жети тонна бир жүз элүү килограмм) өлчөмүндөгү биринчи сорттогу унду Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына (макулдашуу боюнча) 1-тиркемеге ылайык берсин.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды райондук борборлорго жана облустук маанидеги шаарларга жеткирүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине гуманитардык жардамды жеткирүүнү уюштуруу үчүн 11765709 (он бир миллион жети жүз алтымыш беш миң жети жүз тогуз) сом суммасындагы каражатты өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды 3-тиркемеге ылайык маалыматтардын (разнарядканын) негизинде бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
6. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө калктуу конуш (жаңы конуш) статусуна ээ эмес турак жай массивдеринде жашаган, оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын категориясын эске алсын.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
|
Төрага |
А. У. Жапаров |
1-тиркеме |
Калктын социалдык аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик резервди жооптуу сактоочу ишканалар тарабынан биринчи сорттогу унду БЕРҮҮ
1. "Карасу-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаары:
- Ош облусу;
- Баткен облусу;
- Ош шаары.
2. "Азрат-Айыб" ачык акционердик коому, "Дан-ЮГ" жоопкерчилиги чектелген коому, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары:
- Жалал-Абад облусу.
3. "Дан" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаары:
- Талас облусу;
- Жалал-Абад облусу (Токтогул району);
- Чүй облусу (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондору);
- Бишкек шаары.
4. "Кант-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаары:
- Чүй облусу (Аламүдүн, Ысык-Ата райондору).
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун түндүк аймактык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:
- Чүй облусу (Чүй, Кемин райондору);
- Ысык-Көл облусу.
6. "Алтын Дан" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:
- Нарын облусу.
|
| 2-тиркеме |
Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү ТАРТИБИ
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын алдында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиялар (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары же шаардын вице-мэри эсептелет.
Комиссиянын төрагасынын эки орун басары болот. Биринчи орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчиси, экинчи орун басары болуп жарандык коомдун өкүлү эсептелет.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- айыл өкмөттөрүнүн башчылары, аймактык коомдук кеңештердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын (шаарларда) жетекчилери;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттары (макулдашуу боюнча);
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү, Комиссиянын катчысы.
2. Комиссия гуманитардык жардамды жакырчылыктын деңгээлин, жөлөкпул алуучулардын болушун, турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү, ошондой эле аталган аймакта жашаган гуманитардык жардамга муктаж болгон башка жарандарды эске алуу менен айыл өкмөттөр жана шаарлар боюнча бөлүштүрөт.
3. Комиссия гуманитардык жардамды өз убагында жана даректүү бөлүштүрүүнү (берүү) камсыз кылат.
4. Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү гуманитардык жардам алууга ведомостту (мындан ары - ведомость) Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартибинин тиркемесине ылайык форма боюнча милдеттүү түрдө тариздөө менен жүргүзүлөт.
5. Ведомосттогу графалар гуманитардык жардам алуучунун сөздөрү боюнча төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
- аты-жөнү, иш жүзүндө жашаган дареги (кыскартылбастан толук жазылат);
- эскертүүдө төмөнкү маалыматтар белгиленет:
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу болуп эсептелеби;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп саналабы;
гуманитардык жардамды алуучунун социалдык паспорту барбы;
турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөнүн мүчөсү болуп саналабы (үй-бүлөнү жекече өнүктүрүү планы) ж.б.;
мында ырастоочу документтер (анын ичинде ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ) гуманитардык жардамды алуучудан жана мамлекеттик органдардан суралат.
6. Ведомосттун түп нускасы райондор аралык (райондук) эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына өткөрүп берилет, тиркеменин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү бир нускадан райондук мамлекеттик администрацияга (мэрияга) жиберилет, көчүрмөнүн бир нускасы айыл өкмөтүндө сакталат.
7. Учурдагы/өткөн айда жардам алган же "Жумуштун ордуна азык-түлүк" схемасы боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбооруна катышып, азык-түлүк алуучулардын тизмесине кирген жарандар гуманитардык жардамды алуучулардын тизмесине киргизилбейт.
8. Башка гуманитардык уюмдар/бизнес-коомчулуктар аркылуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн учурда мурда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү эске алынат.
|
| Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартибинин тиркемеси |
Форма
______________________ облусунун ______________________ районундагы ____________________ айыл өкмөтүнүн тургундарынын гуманитардык жардам алууга ВЕДОМОСТУ
Бөлүштүрүү датасы: __________________________________________
Гуманитардык жардамдын түрү: ______________________________________
Өлчөө бирдиги: _________________________________________
№ | Аты-жөнү (толугу менен, кыскартуусуз) | Туулган датасы | Иш жүзүндө жашаган дареги | Чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны | Алынган азык-түлүк жардамынын саны | Алгандыгы жөнүндө белги | Эскертүү (статус) | |||||
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу | Социалдык жөлөкпул алуучулар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар | Социалдык паспортунун болушу | Турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлө | Жумушсуз | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
| |||||||||||
3-тиркеме
Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтар (разнарядка)
Облустун/райондун/шаардын аталышы | Унду бөлүштүрүү (кап менен) | Унду бөлүштүрүү (тонна менен) |
Баткен облусу | 23106 | 1155,30 |
Баткен шаары, Баткен району | 11895 | 594,75 |
Кызыл-Кыя шаары | 746 | 37,30 |
Сүлүктү шаары | 1642 | 82,10 |
Кадамжай району | 5212 | 260,60 |
Лейлек району | 3611 | 180,55 |
Бишкек шаары | 15847 | 792,35 |
Свердлов району | 4310 | 215,50 |
Биринчи май району | 4635 | 231,75 |
Ленин району | 3622 | 181,10 |
Октябрь району | 3280 | 164,00 |
Ош шаары | 2827 | 141,35 |
Жалал-Абад облусу | 61226 | 3061,30 |
Аксы району | 9776 | 488,80 |
Ала-Бука району | 9561 | 478,05 |
Базар-Коргон району | 9053 | 452,65 |
Жалал-Абад шаары | 2282 | 114,10 |
Кара-Көл шаары | 368 | 18,40 |
Көк-Жаңгак шаары | 338 | 16,90 |
Майлуу-Суу шаары | 903 | 45,15 |
Таш-Көмүр шаары | 1888 | 94,40 |
Ноокен району | 2703 | 135,15 |
Сузак району | 15814 | 790,70 |
Тогуз-Торо району | 2176 | 108,80 |
Токтогул району | 5013 | 250,65 |
Чаткал району | 1351 | 67,55 |
Ысык-Көл облусу | 17425 | 871,25 |
Ак-Суу району | 1095 | 54,75 |
Балыкчы шаары | 3286 | 164,30 |
Каракол шаары | 2336 | 116,80 |
Жети-Өгүз району | 3768 | 188,40 |
Ысык-Көл району | 2058 | 102,90 |
Тоң району | 2196 | 109,80 |
Түп району | 2686 | 134,30 |
Нарын облусу | 21212 | 1 060,60 |
Ак-Талаа району | 3271 | 163,55 |
Ат-Башы району | 3722 | 186,10 |
Жумгал району | 4127 | 206,35 |
Кочкор району | 4163 | 208,15 |
Нарын шаары, Нарын району | 5929 | 296,45 |
Ош облусу | 56223 | 2811,15 |
Алай району | 6880 | 344,00 |
Араван району | 6791 | 339,55 |
Кара-Кулжа району | 3376 | 168,80 |
Кара-Суу району | 15581 | 779,05 |
Ноокат району | 13518 | 675,90 |
Өзгөн району | 7049 | 352,45 |
Чоң-Алай району | 3028 | 151,40 |
Талас облусу | 10561 | 528,05 |
Бакай-Ата району | 1161 | 58,05 |
Кара-Буура району | 3212 | 160,60 |
Манас району | 1461 | 73,05 |
Талас шаары, Талас району | 4727 | 236,35 |
Чүй облусу | 20916 | 1045,80 |
Аламүдүн району | 2549 | 127,45 |
Жайыл району | 1441 | 72,05 |
Кемин району | 2645 | 132,25 |
Москва району | 1675 | 83,75 |
Панфилов району | 3779 | 188,95 |
Сокулук району (анын ичинде Ак-Ордо 2, 3 ж/к) | 4079 | 203,95 |
Токмок шаары, Чүй району | 3076 | 153,80 |
Ысык-Ата району | 1672 | 83,60 |
Жалпы: | 229343 | 11467,15 |