РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-январындагы № 16-т (Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун тартиби жонунжо) Тескемеси

Редакцияот 19.01.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 19-январы № 16-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 222 тескемесинин 2-пунктун көңүлгө алып, "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 12-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А. У. Жапаров