КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 43-т (2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 2-февралы № 43-т
Продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээлин жогорулатууга дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин чечиминин негизинде:
1. Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздоо жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкү уюмдарга ыйгарылсын:
1) эт жана эт азыктарын өндүрүү чөйрөсүндө:
- "Адал Азык’' жоопкерчилиги чектелген коомуна, Чүй облусу;
2) үрөнчүлүк чөйрөсүндө:
- "ЭлДан Аталык" агроөнөр жай комплекси" жоопкерчилиги чектелген коомуна, Чүй облусу;
3) асыл тукум малды өстүрүү чөйрөсүндө:
- "Чабрец" дыйкан чарбасына, Чүй облусу;
4) жаңы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү чөйрөсүндө:
- Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы "Табигий-таш" илимий-изилдөө борборуна, Ош облусу.
2. Конкурска активдүү катышкандыгы жана продукциянын сапаты жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сапат боюнча дипломдору менен төмөнкү уюмдар сыйлансын:
1) үрөнчүлүк чөйрөсүндө:
- "Заря" айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи, Ысык-Көл облусу;
- "Элдияр" үрөнчүлүк дыйкан чарбасы, Ысык-Көл облусу;
- Ноокат айыл чарба үрөндүк картошка өндүрүүчүлөрдүн кооперативи, Ош облусу;
2) асыл тукум малды өстүрүү чөйрөсүндө:
- "Рейна-Кенч" дыйкан чарбасы, Ысык-Көл облусу;
- "Алтын жүн" фермердик асыл тукум чарбасы, Талас облусу;
- "Бермет дыйкан чарбасы" жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй облусу;
3) жаңы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору" мекемеси, Бишкек шаары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.Гареев атындагы ботаникалык бакча" илимий-изилдөө институту" мекемеси, Бишкек шаары.
Төрага | А.У. Жапаров |