РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 40-т (Ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 01.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 1-февралы № 40-т

2019-жылдын 28-мартында кол коюлган Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2019-жылдын 28-мартында кол коюлган Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын (мындан ары - Жол картасы) ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жол картасынын иш-чараларын жүзөгө ашырууну камсыз кылсын.

3. Ведомстволор аралык комиссияга "Газпром" коомдук акционердик коомунун өкүлдөрү менен Жол картасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу берилсин.

4. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле иш үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга укуктуу деп белгиленсин.

5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жүктөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жылдын 24-сентябрындагы № 205-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгыңа жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;

"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).