РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 75-т (Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамын түзүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 18-февралы № 75-т

2022-жылдын 24-февралынан 2-мартына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өтүүчү кыргыз-сауд бизнес-форумуна, туристтик роуд-шоу жана жарманкеге Кыргыз Республикасынын катышуусу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2022-жылдын 24-февралынан 2-мартына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына жиберилсин.

3. Иш сапардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

 

 

 

 

Тиркеме

2022-жылдын 24-февралынан 2-мартына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өтүүчү кыргыз-сауд бизнес-форумуна, туристтик роуд-шоу жана жарманкеге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы

Расмий делегация:

Кожошев Арзыбек Орозбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, делегациянын башчысы;

Исмаилов Фархат Даткабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Эргешов Алтынбек Калдарович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Жаманкулов Азамат Капарович(**)

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Баясов Нурадил Мирбекович

-

Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин милдетин аткаруучу;

Айдарбеков Айбек Акматбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Артыкбаев Айбек Мухтарович(*)

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Дуйшеева Жибек Курманбековна

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Абдрахманов Канат Жаныбекович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Мукашев Азамат Фелкисович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Ракиев Замир Шейшенбекович

-

Кыргыз Республикасынын муфтийи (макулдашуу боюнча);

Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич

-

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору (макулдашуу боюнча).

Коштоочу адамдар:

Алишеров Бакытбек Автандилович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кеңешчиси;

Керимджанов Рахимбек Айбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;

Аширбеков Талгат Аширбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Бабаканова Назгуль Айтбосуновна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;

Шатманов Самат Бектурович(***)

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору;

Омурзакова Назгуль Акималиевна(**)

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эл аралык байланыштар жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы;

Аданов Рахман Бектурсунович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары;

Гапаров Омурбек Салибаевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин кеңешчиси;

Кадырбаев Жоомарт Тыныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин үчүнчү катчысы;

Алмазбек кызы Наргиза(***)

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин стратегиялык пландоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

 

Эскертүү:

(*) - 2022-жылдын 26-февралынан тартып 2-мартына чейин Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарынан Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына иш сапарга жиберилет.

(**) - 2022-жылдын 26-февралынан тартып 28-февралына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына иш сапарга жиберилет.

(***) - 2022-жылдын 21-февралынан тартып 28-февралына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына иш сапарга жиберилет.