КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 49-т (Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2022-жылы «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 21-июну № 49-т
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды өз убагында даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдар Каракол шаарынын бюджетинин жана республиканын ишке тартылган министрликтеринин, административдик ведомстволорунун бюджеттеринин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, Каракол шаарынын мэриясынын (макулдашуу боюнча), мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин ишке тартуу, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
| Төрага | У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
Кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Каракол шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкы директору - башкармалыктын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн эксперти.