Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-марты № 131-т «Кыргыз-Германия ишкердик кеңешинин жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 24-марты № 131-т
Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз-Германия ишкердик кеңешинин (мындан ары - Ишкердик кеңеш) кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ишкердик кеңешке зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
3. Ишкердик кеңештин мүчөлөрүнүн ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына жүктөлсүн (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз-Германия ишкердик кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз-Германия ишкердик кеңешинин (мындан ары - Ишкердик кеңеш) тең төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору, Ишкердик кеңештин тең төрагасынын орун басары.
Ишкердик кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
- Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
- "РСК банк" ААК башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- "Интергласс" ЖЧКсынын коммерциялык директору (макулдашуу боюнча);
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы" мекемесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- "Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы" (ПККИКА) ЮЖБнын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- "Электрондук коммерция ассоциациясы" ЮЖБнын президенти (макулдашуу боюнча);
- "Жашыл Чарба" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Куликовский" кондитердик үйүнүн башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Биовит" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Текстиль Транс" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Хоспиталити Кыргызстан" жамааттарга негизделген Кыргыз туризм ассоциациясы" ЮЖБнын директору (макулдашуу боюнча);
- "Интертекс групп" ЖЧКсынын директору (макулдашуу боюнча);
- "Эко Ферма" дыйкан (фермер) чарбасынын директору (макулдашуу боюнча);
- "Медовая Артель" Компаниясы" ЖЧКсынын директору (макулдашуу боюнча);
- "Алайку Органикс" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "ЖИА Бизнес-ассоциациясы" ОЮЛ башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- "Девинвест" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "ЭкоФлорис" ЖЧКсынын директору (макулдашуу боюнча);
- "Тумар стиль" ЖЧКсынын директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз-немец ишкерлер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
- "Кыргыз Унаа Курулуш" ЖЧКсынын директору (макулдашуу боюнча).
- "Восст" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Меридиан Голд" ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "КУЛУКЕ" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Бал Аары" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Бишкек-Электро" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Нью-Тэк" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
- Бишкек ЭЭА башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Ак Марал Теннери" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча).