РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-марты № 137-т «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 24.03.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 24-марты № 137-т

2022-жылдын 27-мартынан тартып 3-апрелине чейин Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүчү Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясынын кезектеги 4-жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын мүчөлөрү 2022-жылдын 27-мартынан тартып 3-апрелине чейин Монголиянын Улан-Батор шаарына иш сапарга жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле ишкер чөйрөнүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.

4. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

Тиркеме

2022-жылдын 27-мартынан тартып 3-апрелине чейин Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүчү Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясынын кезекти 4-жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы

Осоев Эркинбек Арстанбекович

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Комиссиянын төрагасы, делегациянын башчысы;

Убалиев Элдияр Маматжанович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Тургунбаев Алмаз Абдылдаевич

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Мукашев Азамат Фелкисович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Ибраимов Бексултан Мелисович

-

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;

Дубанаев Адилет Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Турдуева Азиза Суюмбаева

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Абылкасымова Гульмира Мамытовна

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги;

Рустамова Ажара Рустамовна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин үчүнчү катчысы;

Кудайбердиева Айзада Бердибековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын алыскы чет өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы.