КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-мартындагы №261 «КР Президентинин чек ара облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара облустарынын хокимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйналышынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын курамы жөнүндө» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 30-марты №261
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Терагасы -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Рсспубликасынын Ош шаарында 2022-жылдын 1-апрелинде өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин чек ара облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара облустарынын хокимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйналышына катышуусу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ош шаарына жиберилсин.
3. Иш сапардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
А.У.Жапаров
Кыргыз Республикасынын Президентинин чек ара облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара облустарынын хокимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйналышынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын
КУРАМЫ
Расмий делегация:
Жапаров Акылбек Усенбекович | -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин АдминистрациясынынЖетекчиси, делегациянын башчысы; |
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич | -Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович | -Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; |
Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич | -Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Осоев Эркинбек Арстанбекович | -Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | -Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Бекмурзаев Доскул Джумагулович | -Кыргыз Республикасынын энергетика министри; |
Баетов Аяз Батыркулович | -Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Алимбаев Абдикарим Карбекович | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жамалдинов Зиядин Исламович | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Ниязалиев Нурлан Садырович | -Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Иманбетов Илияз Женишович | -Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары; |
Шаршеев Уларбек Зарлыкович | -Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Чек ара кызматынын директору; |
Эсенгул уулу Чынгыз | -Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; |
Борубаев Назирбек Нарматович | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин Чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Исабеков Самат Сатарович | -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Бакиров Мирлан Исакбекович | -Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Джунусов Бакайхан Заурбекович | -Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот өкүлчүлүгү борборунун директору; |
Сокеев Алмазбек Темурбекович | -Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору; |
Аалиев Азиз Кубанычбекович | -Кыргыз Республикасынын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы; |
Мамбетов Алмаз Ишенбекович | -Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич | -“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); |