РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 205-тКыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» (кредит № 7081-KG, грант № E0090-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө ) тескемеси

Редакцияот 15.04.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 15-апрели № 205-т

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» (кредит № 7081-KG, грант № E0090-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров