Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 13-апрели № 191-т
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 804-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 токтому менен бекитилген 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
- 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
- Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;
- жыл сайын 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабынын аткарылышы тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялап турсун;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме |
2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ