ЖобоКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашырууну координациялоо боюнча ыкчам штаб жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 155 тескемесине)

Редакцияот 24.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-февралындагы № 155 тескемесине)

Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашырууну координациялоо боюнча ыкчам штаб жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 КПҮ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын (мындан ары - Баткен облусун өнүктүрүү программасы жана Жол картасы) ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан.

2. Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана Жол картасын ишке ашырууну координациялоо боюнча ыкчам штаб төмөнкү максаттарда түзүлгөн ведомстволор аралык координациялык орган болуп саналат:

1) Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашыруу;

2) Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана Жол картасын ишке ашырууну саясий, уюштуруучулук-укуктук жактан координациялоо;

3) өзгөчө статусу бар аймакка ылайык келген аймакты өнүктүрүүнүн реалдуу субъектин түзүү;

4) Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана Жол картасын сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу максатында финансылык жана башка маселелерди чечүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүү;

5) Баткен облусун өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда жүзөгө ашырылуучу программаларды, долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү жана аларды координациялоо;

6) өзгөчө статусу бар аймактарды өнүктүрүү маселелерин чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын изилдөө, өзгөчө статусу бар аймактарды өнүктүрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү;

7) Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш менен биргеликте Баткен облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана Жол картасын ишке ашыруу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу.

3. Ыкчам штаб өзүнүн ишинде. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Ыкчам штаб өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишкердик иштин субъекттери (бизнес-коомчулук, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана инвесторлор), коомдук, коммерциялык эмес жана Баткен облусун өнүктүрүүгө кызыкдар болгон башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.

2. Ыкчам штабдын функциялары

5. Ыкчам штабдын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди, чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн жана инвесторлорду Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу үчүн тартуу;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн жана инвесторлордун Баткен облусун өнүктүрүү маселелерине тиешелүү болгон сунуштарын жана демилгелерин кароо;

4) Баткен облусун өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизүү;

5) Баткен облусун өнүктүрүү программасынын жана Жол картасынын аткарылышын, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун жана иш-чаралардын аткарылышын контролдоо.

3. Ыкчам штабдын укугу

6. Ыкчам штаб өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) Баткен облусунун мамлекеттик бийлигинин аткаруу органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү маселеси боюнча зарыл болгон маалыматтарды суроого;

2) Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана Жол картасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын өкүлдөрүн Ыкчам штабдын жыйналыштарына чакырууга жана өзүнүн жыйналыштарында угууга;

3) Ыкчам штабдын ишине катышууга илимий-изилдөө, билим берүү жана башка уюмдардын, ошондой эле коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча) тартууга;

4) Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана Жол картасын ишке ашыруунун катышуучуларына тапшырмаларды берүүгө, сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүүгө;

5) Баткен облусун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен жыйналыштарын, коомдук угууларды, ачык талкууларды өткөрүү демилгесин көтөрүүгө.

4. Ыкчам штабдын ишин уюштуруу

7. Ыкчам штабдын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.

Ыкчам штабдын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактарды өнүктүрүү (аймактык саясат) бөлүмү эсептелет.

Ыкчам штабдын жетекчиси:

1) Ыкчам штабдын ишин уюштурат жана Ыкчам штабдын жыйналыштарын (кеңешмелерин) өткөрөт;

2) Ыкчам штабдын жыйналышын (кеңешмесин) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана жыйналышты өткөрүүнүн күнүн, убактысын жана ордун дайындайт, жыйналыштардын күн тартибин бекитет, жыйналыштардын протоколуна кол коёт;

3) Ыкчам штабдын жыйналышына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, жарандарды, жарандык коомдун өкүлдөрүн, чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн жана инвесторлорду, коомдук жана башка уюмдарды чакыруу жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Ыкчам штабдын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

5) Ыкчам штабдын курамына мүчөлөрдү киргизүү же чыгаруу жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;

6) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Ыкчам штабдын атынан иш жүргүзөт.

Ыкчам штабдын иштөө формасы болуп жыйналыш эсептелет. Ыкчам штабдын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Ыкчам штабдын жыйналыштары онлайн форматта өткөрүлүшү мүмкүн.

Жыйналыштарды Ыкчам штабдын жетекчиси, ал эми ал жок учурда ыкчам штабдын жетекчиси тарабынан аныкталган орун басар өткөрөт.

Ыкчам штабдын региондук деңгээлдеги мамлекеттик башкаруунун артыкчылыктарын, максаттарын жана милдеттерин аныктоого байланышкан маселелер боюнча чечимдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана башка коллегиалдуу органдардын жыйналыштарында кароонун жыйынтыгын эске алуу менен да кабыл алынышы мүмкүн.

Зарыл болгон учурда Ыкчам штабдын жана Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн багыттары боюнча чечимдерди кабыл алуучу башка коллегиалдуу органдардын биргелешкен жыйналыштары өткөрүлөт.

Ыкчам штабдын чечимдери ачык добуш берүү жолу менен жыйналышка катышкан ыкчам штабдын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу м:енен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.

Ыкчам штабдын чечимдери протокол менен таризделет, ага ыкчам штабдын жетекчиси, ал эми ал жок учурда Ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары кол коёт.

Кечиктирилгис мүнөздөгү маселелерди ыкчам жана өз убагында чечүү талап кылынган учурларда Ыкчам штабдын чечимдери Ыкчам штабдын жетекчисинин тапшырмалары формасында кабыл алынышы мүмкүн.

Өзгөчө учурларда кечиктирилгис маселелер боюнча Ыкчам штабдын чечимдери сырттан добуш берүү формасында (жазуу жүзүндөгү сурамжылоо жолу менен) кабыл алынышы мүмкүн.