РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-майындагы № 371 (Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 24.05.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 24-майы № 371

 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын-делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги биргелешкен жолугушуусу Бишкек шаарында 2022-жылдын 25-майынан тартып 30-майына чейин өткөрүлсүн.

3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

Тиркеме

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ

 

Борубаев Назирбек Нарматович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;

Мырзаев Абдулат Абдираимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору;

Рустамов Улан Кошоевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары;

Молдоисаев Джаныбек Турдубекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти;

Насиров Эдуард Кашкаевич

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси - өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи;

Урманбетов Бакытбек Дженалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кеңешчиси;

Сатиев Уланбек Кошбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Абдураимов Бекназар Элмуратович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары;

Толеев Ардак Азизбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Шаршеев Талгат Таланбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Эргешов Абдиназар Мамытович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Исираев Жусупбек Арыпович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору;

Усаров Нажимитдин Джалалович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын директору.