РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 23-июнундагы № 430 «Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамын бекитүү тууралуу» тескемеси

Редакцияот 23.06.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 23-июну № 430

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун (мындан ары - Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобу) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобу 2022-жылдын 4-июлунан тартып 8-июлуна чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиан шаарына жиберилсин.

3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы:

 

 

 А.У.Жапаров

 

Тиркеме

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ

 

Борубаев Назирбек Нарматович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;

Мырзаев Абдулат Абдираимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору;

Мусурманкулов Жанышбек Жусупович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти;

Насиров Эдуард Кашкаевич

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси - өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи;

Ныязбаев Каныбек Ныязбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык жана Евразиялык экономикалык бирлиги менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;

Сатиев Уланбек Кошбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Исабеков Нарынбек Дуйшекеевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директору;

Толеев Ардак Азизбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;

Эргешов Абдиназар Мамытович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги.