РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 380-т «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 52-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 08.07.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 8-июлу № 380-т

“Динамикалык пирамида” дисциплинасында чоңдор жана өспүрүмдөр арасында бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатын сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 52-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласында “2022-жылдын 25-мартынан 2-апрелине чейин Бишкек” деген сөздөр “2022-жылдын 11-июлунан 21-июлуна чейин Чолпон-Ата” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Чолпон-Ата шаарынын мэриясына дүйнө чемпионатын өткөрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн дүйнө чемпионатын символикасы бар жарнама такталары менен жасалгалоого көмөк көрсөтүү;”.

2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы:

 

 

 А.У.Жапаров