РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 581 «Кыргыз Республикасынын Пробация органынын кызматкеринин күнүн майрамдоо жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 01.09.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасы

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 1-сентябры № 581

Кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Пробация органынын кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Төрагасынын атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин төмөнкү кызматкерлерине алкыш жарыялансын.

 

Калматов Данияр Алпайизовичке

-       директордун орун басары

Медеркулова Бермет Мукеновнага

-       финансылык-чарбалык бөлүмүнүн начальниги

 

Чагырбеков Нурбек Айбековичке

-       Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги

 

Шералиев Чынгыз Шералиевичке

-       эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын электрондук эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси;

 

Омурканова Анаркуль Жумадиловнага

-       Ыссык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын Балыкчы шаары боюнча пробация органынын башкы адиси.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров