РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2022-жылдын 30-августундагы № 575 «Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Эмират-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 30.08.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 30-августу № 575

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Эмират-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө маселени талкуулоо үчүн:

 

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын. делегациясы 2022-жылдын 31-августунан тартып 3-сентябрына чейин Бириккен Араб Эмираттарына, Абу-Даби шаарына жиберилсин.

3. Иш сапардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын

ортосунда Эмират-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө

маселени талкуулоо үчүн Бириккен Араб Эмираттарына

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы

 

Азымбакиев Муратбек Абакирович            - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, делегациянын башчысы;

Бакетаев Алмаз Кушбекович                        - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Боконтаев Кубанычбек Кенешович            - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Эркинов Темирбек Эркинович                   - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин коомдук башталышта кеңешчиси;

Аширбеков Талгат Аширбекович              - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти.