РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 516-т (Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамын түзүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 27.09.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 27-сентябры № 516-т

Корея Республикасынын Сеул шаарында 2022-жылдын 4-7-октябрында боло турган экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корея комиссиясынын кезектеги 5-жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасынын Сеул шаарына 2022-жылдын 4-7-октябрында жиберилсин.

3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Корея Республикасынын Сеул шаарында 2022-жылдын 4-7-октябрында боло турган экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корея комиссиясынын 5-жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Амангельдиев Данияр Джолдошевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, комиссиянын төрагасы, делегациянын башчысы;

Исмаилова Аида Жекшенбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Темиркулов Азамат Азатбекович

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;

Сыдыков Бакыт Толомушевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

Расул Абазбек уулу

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Касейинов Кубат Усенкулович

-

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;

Шаршенова Индира Жанусаковна

-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

Джантаев Эльчибек Нуржадыевич

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Темиралиев Умбриэль Темиралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;

Турдуева Азиза Суюмбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Дубанаев Адилет Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Джакынбеков Урматбек Каныбекович

-

"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун инвестициялар жана өнүктүрүү башкармалыгынын менеджери (макулдашуу боюнча);

Бексултанов Эрмек Токтосунович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы жардам башкармалыгынын гранттык жана техникалык жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Кудайбердиева Айзада Бердибековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы;

Жакыпов Асуан Маматэминович

-

"Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).