РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 532-т (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун (техникалык көмөктөшүүнүн) долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 04.10.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 4-октябры № 532-т

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо" долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун (техникалык көмөктөшүүнүн) расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директоруна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У.Жапаров