РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 20-октябрындагы № 687 ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланганы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жарыяланганы жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 20.10.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 20-октябры № 687

 

Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына байланыштуу:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:

 

Төлөнов Касымбек Кубанычбекович

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын Баткен облусундагы Арка токой чарбасынын директору;

Кудайбердиев Кадырбек Шералиевич

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Жалал-Абад облусунун суу чарба мамлекеттик бассейн башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Тентиева Батмабүбү

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун беденин селекциясы жана үрөнчүлүк лабораториясынын башчысы;

Мартынов Евгений Сергеевич

 

- Кыргыз Республикасынын облусунун Сокулук районундагы "Алмаз" дыйканчылык-фермердик чарбасынын жетекчиси;

Айтибаева Рабияхон Гайыпбековна

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары мамлекеттик кызматынын "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын жетектөөчү адиси.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

 

Осоев Жыргалбекке

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын Кемин райондук ветеринардык башкармалыгынын начальниги;

Абдипаизов Узакбай Мейрачевичке

 

- "АгроСтайл" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча каражаттарды жеткирүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы;

Рыскелдиев Джумаке Джумакуновичке

 

- "Нарын" асыл тукум чарбасынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айылы;

Турдумбеков Кушубек Султановичке

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Талас райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Эсеналиев Раимбек Шүкүрбековичке

 

- "Шүкүрбек-Сервис" айыл чарба кооперативинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылы.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.У.Жапаров