РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 637-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 21.11.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 21-ноябры № 637-т

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:

- 26-пункттун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "транспорт жана коммуникациялар министри" деген сөздөр "экономика жана коммерция министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У.Жапаров