РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 656-т «2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) биргелешкен материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу» тескемеси

Редакцияот 28.11.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 28-ноябры № 656-т

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) биргелешкен материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы:

 

 

А.У.Жапаров