РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 642-т «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактыруу тууралуу» тескемеси

Редакцияот 23.11.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 23-ноябры № 642-т

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров