РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-декабрындагы ПТ № 227 (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 05.12.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2022-жылдын 5-декабры ПТ № 227

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;";

үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:

курамдан Сыдыков Аскат Шаршекович, Воронцова Ирина Николаевна чыгарылсын;

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык сотунун судьясы Сабитова Жамиля Сабитовна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапиянова Маргарита Насаркановна киргизилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров