РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 684-т «Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана фермерлерин заманбап жана жеткиликтүү техника менен камсыз кылуу жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 22.12.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 22-декабры № 684-т

 

Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана фермерлерин заманбап жана жеткиликтүү техника менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, John Deere Walldorf GMBH & Co. KG, Eurasia Group AG компанияларынын жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын машина-трактордук паркын санариптик механизациялоону өнүктүрүү жана жаңылоо долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде:

- Кыргыз Республикасынын машина-трактордук паркын санариптик механизациялоону өнүктүрүү жана жаңылоо долбоорун ишке ашыруу боюнча кабыл алган милдеттенмелерин аткаруу үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун кепилдик берүүчүсү болуп чыксын;

- John Deere Financial компаниясы жана "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен үч тараптуу кепилдик берүү келишимин түзсүн.

2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кепилдик берүү мөөнөтү 5 (беш) жылды түзөт деп белгиленсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.У.Жапаров