РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 82-т (БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамын түзүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 3-марты № 82-т

БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына катышуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:

 

1. 2023-жылдын 6-мартынан тартып 17-мартына чейин Нью-Йорк шаарында (АКШ) боло турган БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү 2023-жылдын 4-мартынан тартып 13-мартына чейин Нью-Йорк шаарына (АКШ) иш сапарга жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Нью-Йорк шаарына (АКШ) баруусу жана келүүсү менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Аялдардын абалы боюнча комиссиянын сессиясынын ишине катышуусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык 2023-жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен, ошондой эле бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

Тиркеме

 

2023-жылдын 6-мартынан тартып 17-мартына чейин Нью-Йорк шаарында (АКШ) боло турган БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Курамы

 

Полотова Жылдыз Арстанбековна

-

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, расмий делегациянын жетекчиси;

Мажитова Шарапаткан Мажитовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Ашимова Динара Ашимовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Абдибаева Айсаракан Нышановна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Абыкеев Чолпонбек

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

Рысбекова Жыпариса Боронбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;

Ашымбаева Токтобүбү Абасовна

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Окоева Гульмира Качкыновна

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону координациялоо бөлүмүнүн башчысы.