РаспоряжениеКүчүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-мартындагы № 87-т (2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү тууралуу) ТЕСКЕМЕСИ

Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 3-марты № 87-т

 

Атаандаштык чөйрө шартында исламдык экономика жана финансы кызматтарын жана продукциясын алууда өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунун жана калкынын керектөөлөрүн канааттандырган исламдык экономика жана финансы секторлорунун туруктуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү аркылуу тездетилген өсүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Ушул тескеменин тиркемесине ылайык 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясы бекитилсин.

2. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрилер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров