РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 17-майындагы № 235 («Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу)

Редакцияот 17.05.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 17-майы № 235

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ч.И. Ажибаев, Ж.П.Нурбаев, Ы.Ы. Атажанов, Н.А. Ражабалиев, И.И. Матраимов, М.О. Темирбаева, К.А. Талиева, М.К. Алиев, Ө.М. Бакиров, А.А. Козуев, С.А. Айжигитов тарабынан демилгеленген "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров