Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 246-т (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба миннстрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу ашкана жүзүмүнө фитосанитардык талаптар жөнүндө) Долбоор протоколу
| Долбоор
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-майындагы № 246-т тескемесине ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба миннстрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу ашкана жүзүмүнө фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол
Фитосанитардык тобокелдикти талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына ашкана жүзүмүн коопсуз экспорттоо максатында Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары - КЭР БББ) жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (мындан ары - КР АЧМ) пикир алмашты жана төмөнкүдөй жол менен консенсуска жетишти:
1- берене. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу ашкана жүзүмү (Vitis vinifera L.) (мындан ары — жүзүм), бардык колдонулуучу кытай фитосанитардык мыйзамдарына жана эрежелерине, саламаттык жана коопсуздук стандарттарына, ошондой эле ушул документте белгиленген талаптарга жооп бериши керек жана Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык коопсуздукту билдирген ар кандай карантиндик зыяндуу организмдерден (1-тиркемеде көрсөтүлгөндөй) жана топурактан таза болушу керек.
Бул Протокол фитосанитардык талаптарга гана тиешелүү. Кыргыз жүзүмүнө башка, мисалы адамдын ден соолугуна тиешелүү стандарттар жана талаптар да колдонулушу мүмкүн (мисалы Кытай Эл Республикасынын тамак-аш продуктуларынын коопсуздугунун улуттук стандарттары).
2- берене. Каттоо
Бардык жүзүм бакчалары жана жүзүмдү экспорттоону каалаган таңгактоочу цехтер КР АЧМда, ошондой эле КЭР БББда каттоодон өтүп, КЭР БББ тарабынан жактырылууга тийиш. Каттоо бул документтин талаптарына жооп бербеген кандайдыр бир продукт табылса, аны ишканага чейин ишенимдүү түрдө көзөмөлдөөгө боло тургандай аты-жөнүн, дарегин жана колун камтышы керек. Каттоо жөнүндө отчет ар бир экспорттук сезондун башталышынын алдында бекитүү үчүн КР АЧЖ тарабынан КЭР БББга жиберилиши керек жана КЭР БББ тизмени өзүнүн веб-сайтында жарыялайт.
3- берене. Жүзүм бакчаларын башкаруу
КР АЧМ көзөмөлү астында Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн катталган бардык жүзүм бакчаларына сапат менеджменти жана көзөмөлдөө системасы орнотулушу керек, ошондой эле талаптагыдай айыл чарба практикасын (GAP) колдонушу жана жакшы санитардык шарттарды сактоосу, мисалы мөмө өндүрүү үчүн түшкөн жана чириген мөмөлөрдү тез жок кылуу мелен булгануу булагынан алыс болгон жакшы чөйрөнү сактоосу зарыл. Ошондой эле зыянкечтерге каршы комплекстүү күрөшүү программалары (IPM), анын ичинде зыянкечтерге мониторинг жүргүзүү, физикалык, химиялык же биологиялык контролдоо жана айыл чарбалык иштетүү ж.б. ишке киргизилиши керек.
Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарга (ФЧЭС № 6) ылайык КР АЧМ Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылган жүзүм бакчаларына карантиндик зыяндуу организмдердин болушуна мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн жыл бою башкаруу схемасын колдонот (1-тиркеме). Кандайдыр бир максаттуу түрлөр же алардын тиешелүү симптомдору табылганда зыянкечтердин популяциясын контролдоо же зыяндуу организмдердин аз таралган аймагын сактоо үчүн токтоосуз зарыл чаралар, анын ичинде физикалык, химиялык жана биологиялык комплекстүү методдор колдонулууга тийиш.
Бардык жүзүм бакчаларында зыянкечтерге каршы күрөшүү жана мониторинг жүргүзүү жөнүндө жазуулар жүргүзүлүүгө тийиш, алар КР АЧМ аркылуу КЭР БББга суроо-талал боюнча берилиши керек. Зыянкечтерге каршы химиялык күрөшүү жөнүндө жазуулар конкреттүү маалыматты, анын ичинде агрохимикаттын аталышын, активдүү ингредиентти, вегетация мезгилинде колдонуу датасын жана ченемин камтышы керек.
Экспортко өстүрүлгөн жүзүм бакчаларындагы зыянкечтерге мониторинг жүргүзүү жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар фитоеанитардык аспекттерди билген техникалык персоналдын көзөмөлү астында жургүзүлүшү керек, ал эми техникалык персоналды КР АЧМ же КР АЧМ ыйгарым укуктуу органдары окутушу керек.
4- берене. Өзгөчө зыянкечтер менен күрөшүү чаралары
1. Жүзумдүн жалбырак түргүчү (Lobesia botrana):
Кыргыз Ресиубликасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүзүм жүзүмдүн жалбырак түргүчү (L. Botrana) жок өндүрүш жерлерине же L. botrana менен күрөшүүгө системалуу мамиле жасалган жүзүм бакчаларынан алынууга тийиш.
(1) Зыянкечтери жок өндүрүш жерлери:
зыянкечтери жок өндүрүш жерлери (ЗЖӨЖ) КР АЧМ тарабынан № 10 Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарга (ФЧЭС № 10) ылайык аныкталат. КР АЧМ зыяндуу организмдердин мониторингин 2-тиркемеге ылайык жүргүзүүгө тийиш. Зыянкечтери жок өндүрүш жерлери КЭР БББ тарабынан жактырылууга тийиш.
Эгерде ЗЖӨЖдө кандайдыр бир L. botrana табылса, ЗЖӨЖдүн тиешелүү статусу дароо токтотулуп турат. КР АЧМ 48 сааттын ичинде КЭР БББга маалымат берет жана бул зыянкечке каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгууга токтоосуз киришүүсү керек. Максаттуу зыянкеч КР АЧМ тарабынан жок кылынгандан кийин жана мындай иш-аракеттер КЭР БББ тарабынан жактырылгандан кийин ЗЖӨЖ калыбына келтирилет.
(2) Системалуу ыкмалар:
эгерде ЗЖӨЖ түзүү мүмкүн болбосо, системалуу ыкмаларды колдонуу зарыл.
КР АЧМ же КР АЧМ ыйгарым укуктуу персоналы катталган жүзүм бакчасындагы зыянкечтерге каршы күрөштү гүлдөгөндөн баштап түшүм жыйноого чейин талаа изилдөөлөрү жана тузактарга мониторинг жүргүзүү аркылуу жүргүзүүгө тийиш. Катталган жүзүм бакчасындагы тузактардын тыгыздыгы гектарына 2ден кем болбошу керек жана тузактар 2 жумада бир жолудан кем эмес текшерилип турууга тийиш. КР АЧМ жыл сайын суроо-талап боюнча КЭР БББга экспорттук сезондун алдында мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет берет.
L. botrana табылары менен КР АЧМ токтоосуз КЭР БББга маалымдап, бардык тиешелүү жүзүм бакчаларынан жана таңгактоочу ишканалардан жүзүмдү Кытай Эл Республикасына экспорттоону тезинен токтотууга тийиш. КР АЧМ зыянкечти жок кылуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүшү керек, ал эми эки Тараптын эксперттери импортту калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алышат.
2. Америка ак көпөлөгү (Hyphantria cunea), үтүр сымал алма калканчыгы (Lepidosaphes ulmi), туран ак кебер курту (Peliococcus turanicus), узун куйрук ак кебер курту (Pseudococcus longispinus)
Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык коркунуч туудурган бул төрт зыянкечке карата КР АЧМ жүзүм бакчалары гүлдөгөндөн баштап түшүм жыйноого чейин ар бир 15 күндө текшерип, өсүмдүктүн сабагында, бутактарында, жалбырактарында жана мөмөлөрүндө ушул 4 зыянкечтин болушуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Биологиялык же химиялык көзөмөл сыяктуу комплекстүү контролдоо чаралары зыяндуу организмдер же алардын тиешелүү белгилери табылганда кабыл алынышы керек.
5-берене. Таңгактоо жана кайра иштетүү
КР АЧМ же KР АЧМ ыйгарым укуктуу кызмат адамы Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүзүмдү таңгактоону, кайра иштетүүнү, сактоону жана ташууну көзөмөлдөйт.
Таңгактоочу жайлардын катуу каптоосу болууга жана санитардык талаптарга ылайык келүүгө, ошондой эле чийки зат үчүн кампасы жана даяр продукция үчүн кампасы болууга тийиш.
Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүзүмдү сактоо, кайра иштетүү, жыйноо үчүн жайлар жана башка функциялык зоналар жайлар салыштырмалуу көз карандысыз, негиздүү уюштурулган жана турак зонадан өзүнчө болууга тийиш.
Таңгактоо процессинде жүзүм тандалган, ылганган жана оорулуу, бузулган, чириген же деформацияланган жемиштерден, жалбырактардан, сабактардан же башка өсүмдүк калдыктарынан жана топурактан тазаланган болууга тийиш.
Таңгактоочу материалдар таза жана кытай тараптын фитосанитардык жана санитардык талаптарына шайкеш келүүсү тийиш. Жыгачтан жасалган таңгактоочу материал № 15 Фитосанитардык чаралардын эл аралык стандарттарына (ФЧЭС № 15) шайкеш келүүгө тийиш.
Таңгакталган жүзүм зыянкечтердин экинчи жолу жугушуна жол бербөө үчүн башкалардан бөлөк, окшош эле фитосанитардык абалдагы жүзүм бар камерада гана сакталууга тийиш.
Ар бир куту кытай же англис тилдеринде жемиштин аталышын, экспортоочу өлкөнү, өндүрүлгөн жерди, жүзүм бакчасынын жана таңгактоочу ишкананын аталышын же кодун ж.б. көрсөгүү менен маркаланууга тийиш. Ар бир кутуга же түп кармагычка кытай же англис тилдеринде "Кытай Эл Республикасына экспорттолот" (Эскертүү: кытайча сөздөр) деген текст түшүрүлүшү керек.
Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн жүзүм жүктөлгөн контейнерлер жүктөө учурунда тазалыгына карата текшерилиши керек. Пpоцесс КР АЧМ тарабынан расмий ырастоо үчүн катталууга тийиш.
Катталган таңгактоочу ишканалар Кытай Эл Республикасына экспорттолууга тийиш жүзүм катталган жүзүм бакчаларына чейин, анын ичинде иштетүү жана таңгактоо датасы, жүзүм бакчасынын аталышы же анын каттоо номери, жүзүмдүн саны, экспорттоо датасы. экспорттолуучу продукциянын саны, бара турган өлкөсү, контейнердин номери жана башка маалымат жөнүндө жазуу көзөмөлдөнө тургандыгына кепилдик берүү үчүн көзөмөлдөө системасын орнотууга тийиш.
6-берене. Экснорттоого чейинки кароо жана карантин
Ушул Протокол күчүнө кирген датадан кийинки алгачкы эки жылдын ичинде КР АЧМ кызмат адамдары тарабынан фитосанитардык контролдоо үчүн таңгакталган жүзүмдөн алынган сынамдын өлчөмү 2 %ды түзүшү керек. Жуктурулган же башка курт-кумурскалар бар деп шектелген учурда үлгү кесилиши мүмкүн. Эгерде эки жылдык мезгилдин ичинде эч кандай карантиндик проблемалар аныкталбаса, тандоонун көлөмү 1 %га чейин кыскарат.
Эгерде Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык коркунуч жараткан карантиндик зыянкечтердин кандайдыр бир тирүү организмдери, жалбырактар же топурак табылса, партия Кытай Эл Республикасына экспорттолбоого тийиш. Айрым учурларда тиешелүү жүзүм бакчалары жана/же таңгактоочу ишканалар калган сезондун ичинде Кытай Эл Республикасына жүзүмдү экспорттой алышпайт. КР АЧМ себебин таап жана кырдаалды жакшыртуу үчүн алдын ала чараларды көрүшү керек. Ошол эле учурда зыяндуу организмдерди табылышы жөнүндө жазуу сакталууга жана КЭР БББ суроо-талабы боюнча берилүүгө тийиш.
Текшерүү аяктагандан кийин КР АЧМ № 12 Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарга (ФЧЭС № 12) ылайык жактырылган партияга жүзүм бакчаларынын жана таңгактоочу цехтердин каттоо номерлерин же кодун көрсөтүү менен фитосанитардык сертификат берет. Кошумча декларацияда төмөнкүдөй текст көрсөтүлүшү керек: "Ушул партия Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына ашкана жүзүмүн экспорттоого фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келет жана Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык коопсуздукту жаратуучу карантиндик зыянкечтерден таза".
КР АЧМ фитосанитардык сертификаттын көчүрмөлөрүн экспорттоо башталганга чейин каттоо жана таанышуу үчүн КЭР БББга берүүгө тийиш.
7-берене. Кирүү үчүн кароо жана карантин
Кыргыз жүзүмүн ташып кирүү пункттары болуп КЭР БББ тарабынан мөмө-жемиштерди ташып кирүү үчүн уруксат берилген бардык кытай порттору жана аэропорттору саналат.
Жүзүм Кытай Эл Республикасына кирүү портуна ташылып келгенден кийин кытай бажысы тиешелүү документтерди жана идентификациялоо тууралуу жазууларды изилдөөгө жана кароо жана карантин процессин бүтүрүүгө тийиш.
Катталбаган жүзүм бакчаларынан же таңгактоочу цехтерден жүзүмдүн партиясын ташып келүүгө жол берилбейт.
Эгерде жүктө L. botrana тирүү организми табылса, ал кайтарылууга же жок кылынууга тийиш. Ошол эле учурда КНР БББ КР АЧМга токтоосуз маалымдоого жана тиешелүү жүзүм бакчаларынан жана таңгактоочу ишканалардан жүзүмдү импорттоону токтотууга тийиш. Эгерде жүк тиешелүү ЗЖӨЖдөн болсо, ЗЖӨЖ статусу токтотулуп турат. КР АЧМ себебин иликтөөгө жана мындай көрүнүштөрдүн кайталанбашын болтурбоо үчүн чараларды көрүүсү тийиш. КР АЧМ тарабынан көрүлгөн жакшыртуу чараларын баалоонун жыйынтыгы боюнча КЭР БББ токтотуп турууну жокко чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл алат.
Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык коопсуздук жараткан башка карантиндик зыяндуу организмдердин тирүү организмдери (1-тиркеме) же Кыргыз Республикасында кандай болбосун башка карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган учурда, жүк кайтарылууга, жок кылынууга же кайра иштетилүүгө тийиш. КЭР БББ шайкеш келбегендиги тууралуу КР АЧМга маалымдайт, ал ЭМИ КР АЧМ себебин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзөт жана мындай учурлардын кайталанышын болтурбоо үчүн зарыл болгон чараларды көрөт.
Эгерде Кытай Эл Республикасынын тамак-аш азыктарынын коопсуздугу боюнча улуттук стандарттарына шайкеш келбегени аныкталса, жүзүм кайтарылууга же жок кылынууга тийиш. КЭР БББ шайкеш келбегендиги жөнүндө КР АЧМга маалымат берет жана айрым учурларда калган сезондо жүзүмдү тиешелүү жүзүм бакчаларынан импорттоону токтотуп турат. КР АЧМ себебин иликтейт жана мындай көрүнүштөрдүн кайталанышын болтурбоо үчүн чараларды көрөт. КР АЧМ тарабынан көрүлгөн кырдаалды жакшыртуу боюнча чараларга баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча КЭР БББ ташып келүүнү токтотуп турууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
8-берене. Шайкештигин текшерүү
Бул Протоколду ишке ашыруунун биринчи жылында КР АЧМнын көмөгү менен КЭР БББ Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жузумдөрдүн башкаруу системасы ушул Протоколдун талаптарына ылайык келүүсүн ырастоо үчүн кыргыз жузуму өндүрүлүүчү участоктордо барып же аралыктан изилдөө жолу менен шайкештикти текшере алат.
Жогоруда аталган жеринде изилдөөгө байланышкам бардык чыгымдар, анын ичинде эл аралык жол киреге, жашоого кеткен чыгымдарды кыргыз тарап көтөрөт.
9-берене. Ретроспективдүү сереп
КЭР БББ зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасында зыяндуу организмдердин иш жүзүндө болушунун жана зыяндуу организмдерди аныктоонун негизинде тобокелдикке кошумча талдоо жүргүзүүгө тийиш. Карантиндик зыяндуу организмдердин тизмеси жана тиешелүү карантиндик чаралар КР АЧМ менен макулдашуу боюнча туураланышы мүмкүн. Зарыл болгон учурда КЭР БББ ушул Протокол боюнча экспорттолуучу жүзүмгө текшерүү жана карантиндик талаптарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына инспекторлордун сапарларына ретроспективдүү сереп жүргүзөт. Андан кийин ушул Протоколго бул текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде жана эки Тарап менен макулдашуу боюнча зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилет.
10-берене Өзгөртүүлөрдү киргизүү, күчүнө кириши жана колдонүуну токтотуу
Эки Тарап тең жазуу жүзүндөгү макулдукка жетишкенден кийин бул Протоколдун шарттары өз ара консультациялар аркылуу өзгөртүлүшү мүмкүн. Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун колдонулушун токтотууну кааласа, ал экинчи Тарапка бул жөнүндө алты ай мурда жазуу жүзүндө кабарлайт.
Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана үч (3) жыл бою колдонулат. Эгерде Тараптардын бири дагы экинчи тарапка аны токтотуу ниети жөнүндө колдонууну токтотуунун болжолдонгон күнүнө чейин кеминде алты ай мурун билдирбесе, ал өзүнөн-өзү жана ырааттуу түрдө кошумча үч жылдык мөөнөткө узартылып турат.
Бул Протоколго 2023-жылдын "__" _______ шаарында эки нускада кол коюлду, ар бири кыргыз, орус, кытай жана англис тилдеринде түзүлдү. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн | Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы үчүн |
| 1 - тиркеме |
Кытай Эл Республикасы үчүн фитосанитардык тобокелдик жаратуучу зыяндуу организмдер:
| |
| 1. Жүзүм жалбырак түргүчү (Lobesia botrana). 2. Америка ак көпөлөгү (Hyphantria cunea). 3. Үтүр сымал алма калканчыгы (Lepidosaphes ulmi). 4. Туран ак кебер курту (Peliococcus turanicus). 5. Узун куйрук ак кебер курту (Pseudococcus longispinus). |