РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы N 237-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташтык программасынын долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 16.05.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 16-майы № 237-т

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташтык программасынын тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда аталган Программага принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташтык ПРОГРАММАСЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары чогуу алганда "Тараптар", ал эми өз-өзүнчө "кыргыз тарап" же "кытай тарап" деп аталат),

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү принциптерине жана Тараптардын мамлекеттеринин чек аралык аймактарынын экономикалык байланыштарын чыңдоо зарылдыгына негизденип,

2018-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияны жана 2019-жылдын 13-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү андан ары тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияны жетекчиликке алып,

Тараптардын мамлекеттеринин чек аралык аймактарын ар тараптуу жана координациялап өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана "Бир алкак - бир жол" биргелешкен курулуштун алкагында бардык багыттар боюнча ишкер кызматташтыкты чыңдоо максатында,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташтык программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгышты.

I. Негизги максаттары жана башкы милдеттери

Программа экономика чөйрөсүндө эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө, экономикалык кызматташтыктын потенциалын активдештирүүгө жана чек аралык соода-экономикалык кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Чек аралык аймактарга Кыргыз Республикасынын Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору (Ысык-Көл облусу), Ат-Башы району (Нарын облусу), Алай жана Кара-Кулжа райондору (Ош облусу) жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району (СУАР) (анын ичинде Синьцзян өндүрүштүк-курулуш корпусу) кирет.

Негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1. Эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда чек аралык кызматташтыкты андан ары тереңдетүү максатында экономикалык чөйрөдө макулдашылган, координацияланган саясатты жүргүзүү.

2. Өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өркүндөтүү жана чарбакер субъекттердин ортосунда байланыштарды бекемдөө.

3. Чек аралык райондордо калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга колдоо көрсөтүү.

4. Андан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана кызматташтыкты активдүү илгерилетүү.

5. Инвестициялык чөйрөдө кызматташуу потенциалын активдештирүү, Тараптардын мамлекеттеринин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу.

6. Чек аралык соода жана логистика боюнча биргелешкен борборлорду ачуу.

7. Иштетүүчү өнөр жай тармактарындагы, инновация жана жогорку технология чөйрөлөрүндөгү биргелешкен долбоорлорду колдоо.

8. Өз ара пайдалуу негизде транспорт жаатындагы кызматташтыкты андан ары бекемдөө.

9. Трансчек аралык ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

10. "Иркештам-автожол" жана "Торугарт-автожол" контролдук өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, "Бедел-автожол" контролдук өткөрүү пунктун ачууну тездетүү.

11. Чек аралык аймактарды бириктирүүчү инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле чек аралык өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын куруу жана алардын функцияларын күчөтүү.

12. Туризм, билим берүү, илим жана техника, чек аралык контролдоо жаатында кызматташтыкты тереңдетүү.

Башкы милдеттер:

1. Эки өлкөнүн лидерлеринин, региондордун башчыларынын ортосундагы жетишилген макулдашууларды, ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы "Кыргызстан - КЭР СУАР" координациялык тобунун жыйналыштарында жетишилген макулдашууларды толук масштабдуу ишке ашырууну камсыз кылуу.

2. Өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү.

3. Товар жүгүртүүнүн түзүмүн өстүрүү жана өркүндөтүү, өз ара инвестициялардын масштабын кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

4. Эки мамлекеттин аймагында жайгашкан чарбакер субъекттердин иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

5. Эки мамлекеттин чек ара аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды жана кызматташтыкты тереңдетүү.

6. Өнөр жайдын ар кандай тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү.

7. Почта байланышы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү.

8. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо, чек аралык өткөрүү пункттарында инфраструктураны курууну жана модернизациялоону илгерилетүү, "Иркештам-автожол" жана "Торугарт-автожол" контролдук өткөрүү пункттарындагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн туруктуу жогорулатуу жана трансчек аралык ташууларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

9. Агроөнөр жай комплексинде, анын ичинде айыл чарба продукциясын жеткирүү жаатында узак мөөнөттүү кызматташууну жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү.

10. Билим берүү жана илимий уюмдардын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу.

11. Коомдук саламаттык сактоо, инфекциялык ооруларды профилактикалоо жана кадрларды даярдоо чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүү.

12. Бийлик органдарынын, ишкер чөйрөлөрдүн жана мамлекеттердин чек аралык аймактарынын калкынын ортосунда ишеним, өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук мамилелерди түзүү.

13. Экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо.

14. Чек аралык аймактарда жашаган элдердин ортосунда өз ара түшүнүшүүгө жана достукка өбөлгө түзүү.

15. Чек аралык аймактардын экономикалык, транспорттук, энергетикалык, коммуналдык, экологиялык, социалдык-демографиялык, гуманитардык жана башка көйгөйлөрүн биргелешип чечүү.

16. Экспорттук жана импорттук товарлардын мамлекеттердин чек арага чектеш аймактары аркылуу өтүүсүнө, анын ичинде чек арага чектеш өткөрүү пункттарында инфраструктураны абаттоону тездетүүгө көмөк көрсөтүүчү шарттарды түзүү.

Чек арага чектеш кызматташуунун негизги принциптери

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек арага чектеш кызматташуу деп Тараптардын аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чек арага чектеш аймактарды туруктуу өнүктүрүү, чек арага чектеш аймактардын калкынын бакубаттуулугун жогорулатуу, достукту жана ынак коңшулукту чыңдоо маселелерин биргелешип чечүүгө багытталган макулдашылган иш-аракеттери түшүнүлөт.

Тараптардын чек арага чектеш кызматташуусу төмөнкү принциптерге негизделет:

- Тараптардын мамлекеттеринин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо;

- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү эл аралык келишимдерин өз ара урматтоо;

- Тараптардын мамлекеттеринин экономикалык жана башка кызыкчылыктарына зыян келтирбөө;

- Тараптардын чек арага чектеш аймактарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде алардын ар түрдүүлүгүн, мамлекеттер аралык мамилелердин жана тарыхый түзүлгөн байланыштардын мүнөзүн, жаратылыш-ресурстук, социалдык-экономикалык, шаар куруу, транспорттук шарттарын, ошондой эле эки мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунучтардын мүнөзүн эсепке алуу.

II. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Кыргызстан менен Кытайдын чек арага чектеш райондорунда чек арага чектеш экономикалык кызматташтык зонасын түзүү мүмкүндүгүн кароо.

2. СУАР автономиялуу облусунун Улугчат-Кызылсуу-Кыргыз уездиндеги чек арага чектеш райондун тургундарынын өз ара соода операциялар зонасынын соода ишин кайра жандандыруу.

3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда чек арага чектеш соода жүргүзүү боюнча борборду куруу жана эл аралык почта алмашуу пунктун ачуу мүмкүндүгүн кароо.

4. Кытай тараптын Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык борборду (ИСЛБ) курууга катышуу мүмкүндүгүн кароо.

5. "Нарын" эркин экономикалык зонасында, Кашкар экономикалык өнүктүрүү зонасында жана тиешелүү индустриалдык парктарда аларды чек арага чектеш райондордо кызматташуунун маанилүү аянтчасына айландыруу менен инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык почта алмашуу пунктун ачуу мүмкүндүгүн кароо.

6. Тышкы соода кызматташтыгын тереңдетүүнү улантуу.

7. Соода потенциалын пайдалануу, соода түзүмүн жакшыртуу.

8. Деликатестерди өндүрүүдө кызматташууну активдүү өнүктүрүү.

9. Өндүрүштүк кубаттуулуктар жана инвестициялар жаатында кызматташууну чыңдоо, соода жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча чараларды көрүү, инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо.

10. Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү эл аралык көргөзмө-жарманкелик иш-чараларга орто жана чакан бизнес ишканаларынын активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү.

11. Тараптардын чек арага чектеш райондорунун ортосунда байланыштарды өнүктүрүү жана кызматташууну кеңейтүү максатында Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешин түзүү.

12. Соода-инвестициялык институттардын, тармактык ассоциациялардын потенциалын пайдалануу менен практикалык кызматташуу үчүн көбүрөөк платформаларды түзүү.

III. Транзиттик ташууларды, эл аралык почта байланышын өнүктүрүү жана өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Автомобиль жана темир жолдорун байланыштыруучу жана бириктирүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, чек арага чектеш өткөрүү пункттарын модернизациялоо, тиешелүү райондордо транспорттук коридорлордун курулушун колдоо жана соода байланыштарын жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүн кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

2. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашырууну активдүү илгерилетүү.

3. Трансчек аралык транспорттук потенциалды өнүктүрүү, маркеттештирүү принциби боюнча Тараптардын мамлекеттеринин ишканаларынын логистика чөйрөсүндө инвестициялоого дем берүү, логистикалык инфраструктураны жакшыртуу, кампаларда сактоо потенциалын жогорулатуу жана чек арага чектеш өткөрүү пункттарында транспорттук натыйжалуулукту жогорулатуу.

4. Өткөрүү пункттарында адистештирилген жана заманбап жүк кампаларын жана тиешелүү инфраструктураны курууну колдоо, бажы операцияларын жүргүзүү боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүү функциясын өркүндөтүү, жүктөрдү өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

5. "Иркештам-автожолу" жана "Торугарт-автожолу" контролдук-өткөрүү пункттарында Тараптардын жүк ташууларды жана почта жөнөтүүлөрүн алмашууну жүзөгө ашыруу үчүн жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

6. Тараптар ортосунда автоташуулар жана эл аралык почта алмашуу чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөө.

7. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары менен байланышкан ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, трансчек аралык жана чек арага чектеш инфраструктураны өнүктүрүү, чек арага чектеш өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

8. Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өткөрүү жол-жоболорун өркүндөтүү.

IV. Транспорттук жана коммуникациялык кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Чек арага чектеш райондордо жарандык авиациялык каттамдар жаатында кызматташууну кеңейтүү, жарандык авиация чөйрөсүндө кадрларды даярдоого жана алмашууга көмөктөшүү, Тараптардын мамлекеттеринин авиакомпанияларын колдоо жана реалдуу керектөөлөргө ылайык авиалинияларын кеңейтүү мүмкүндүгүн изилдөө.

2. Чек аралык маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүүдө кызматташууну биргеликте илгерилетүү.

V. Бажы кызматташуусу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Чек арага чектеш өткөрүү пункттарында бажы операцияларын жүргүзүүдө көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча кызматташууну активдештирүү, статистикалык маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө кызматташууну улантуу.

2. Интеллектуалдык менчикти бул жааттагы эл аралык келишимдерге ылайык коргоо чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү.

3. "Акылдуу бажы, акылдуу чек аралар" долбоорунун пилоттук курулушун биргеликте жүзөгө ашыруу.

VI. Айыл чарба жаатындагы кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Эки мамлекеттин ортосундагы айыл чарба продукциясы менен сооданын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүү.

2. Жашыл экономика, экологиялык таза продукция өндүрүү чөйрөсүндө кызматташууну күчөтүү.

3. Органикалык айыл чарба, анын ичинде кадрларды даярдоо, технологияларды алмашуу жана биргелешкен изилдөө жаатында кызматташууну тереңдетүү.

4. Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш облустарынын аймагында агроөнөр жай кластерлерин түзүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кароо.

5. Айыл чарба изилдөө борборун куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө.

6. Үрөнчүлүк, мелиорация, ирригация, балык чарбасы, чегиртке зыянкечтерине каршы биргелешип күрөшүү чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү.

7. Бодо малды, майда жандыктарды, жылкыны, үй канаттууларын, балыктарды жана аарыларды көбөйтүү жана асылдандыруу тармагында кызматташууну өнүктүрүү.

8. Айыл чарба продукциясын инспекциялоо жана карантин жаатында жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ылаңдарынын чыгышын контролдоону жана болтурбоону камсыз кылууда эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, чек арага чектеш өткөрүү пункттарында тез бузулуучу продукцияны бажылык тариздөө боюнча жол-жоболорду оптималдаштыруу.

VII. Тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайындагы кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Сейрек кездешүүчү металлдарды, кара металлдарды жана башка пайдалуу кендерди чалгындоо жана өздөштүрүү жаатында кызматташуу жана маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн кароо, ошондой эле эритүү технологиясын иштеп чыгуу жана өнүктүрүү, пайдалуу кендерди кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү жаатында ишкердик кызматташууну чыңдоо.

2. Чийки мунайды казып алуу жана кайра иштетүү, айыл чарба машиналарын жасоочу жабдууларды, курулуш материалдарын, жеңил өнөр жай продукциясын ж.б. өндүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жүзөгө ашыруу.

VIII. Энергетика чөйрөсүндөгү кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Көмүр кендерин иштетүүдө жана көмүр соодасында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кароо.

2. Электр энергиясын генерациялоо, берүү жана бөлүштүрүү чөйрөсүндө ар кандай энергетикалык объекттерди курууда кызматташууну тереңдетүү.

3. Энергияны үнөмдөө, энергиялык натыйжалуулук жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү.

4. Ресурстардын болушун эске алуу менен "Борбордук Азия - Кытай" газ түтүгүнүн D линиясын куруу" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында газ түтүгүнүн участогун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда кызматташууну өнүктүрүү.

IX. Өнөр жайдын жаңы тармактарында кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүгө макулдашты:

1. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, жаңы материалдар, биотехнология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында практикалык кызматташууну чыңдоо, кадрлар жана технологиялар менен алмашууга көмөктөшүү.

2. Телерадиоберүү жана онлайн аудиовизуалдык каражаттар чөйрөсүндө кызматташууну жана байланыштарды чыңдоо, программаларды өз ара которууга жана трансляциялоого, кадрларды окутууга жана жаңы технологиялык стандарттарды киргизүүгө ж.б. биргеликте көмөктөшүү.

X. Туризм жаатында кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Туристтердин жеке коопсуздугун коргоодо кызматташууну күчөтүү.

2. Туристтик инфраструктураны өнүктүрүүдө жана түзүүдө кызматташууга көмөктөшүү, туристтик транспорттук тармактарды өркүндөтүү, туристтик маршруттарды макулдашууну оптималдаштыруу.

3. Туристтик продукцияны илгерилетүүдө, туризм чөйрөсүнүн өкүлдөрү үчүн өз ара таанышуу турларын уюштурууда, туризм жаатында квалификациялуу кадрларды окутууда, ошондой эле туристтик маалыматты алмашуу боюнча кызматташууну чыңдоо.

4. Кыргыз тарап үчүн ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына киргизилген жергиликтүү геопарктарды ачуу жана өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууну уюштуруу.

5. Өз ара берүүлөрдү жүзөгө ашырууда жана достук консультациялар аркылуу маданий-туристтик программаларды илгерилетүүдө эки мамлекеттин телеканалдарын колдоо.

6. Тараптардын аймактарында өткөрүлүүчү туристтик жарманкелерге жана көргөзмөлөргө катышуу.

XI. Илим жана билим берүү жаатында кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашты:

1. Эки өлкөнүн чек арага чектеш райондорунда илим жана билим берүү өкүлдөрүнүн үзгүлтүксүз жолугушуу механизмин түзүү. Жергиликтүү бийлик органдарынын, изилдөө институттарынын жана ЖОЖдордун ортосундагы өз ара кызыкчылыкты жараткан бардык тармактардагы байланыштарга жана кызматташууга көмөктөшүү.

2. Биргелешкен жогорку окуу жайларын жана мектептерди түзүү, студенттер жана окумуштуулар менен алмашуу жана чек арага чектеш райондордогу билим берүү мекемелеринин ортосунда биргелешкен лабораторияларды түзүү чөйрөсүндө кызматташууну колдоо, дисциплиналар аралык алмашууну, жогорку деңгээлдеги кадрларды даярдоону чыңдоо.

XII. Маданият чөйрөсүндө кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүүнү макулдашты:

1. Улуттук майрамдарды белгилөө, маданий фестивалдарды, маданий жумалыктарды өткөрүү жолу менен, ошондой эле маданий өз ара аракеттенүүнүн башка формаларын ишке ашыруу аркылуу ар кандай маданий байланыштарды жүзөгө ашыруу. Археология, маданий эстеликтерди коргоо жана реставрациялоо, академиялык изилдөөлөр жана Жибек жолунун маданий мурастарынын контекстинде көргөзмөлөр боюнча кызматташууну чыңдоо.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттары, басма иши, журналистика жана телерадиоберүү жаатында кызматташууга өбөлгө түзүү.

XIII. Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну жүзөгө ашырат:

1. Тараптардын аймактарында уюштурулган спорттук-массалык иш-чараларга активдүү катышуу.

2. Тараптардын мамлекеттеринин спортунун салттуу түрлөрүн эл аралык спорттук аренага биргелешип жылдыруу.

3. Жаштар саясаты чөйрөсүндө өз ара алмашуу программалары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

XIV. Финансылык кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрөт:

1. Улуттук мыйзамдарга ылайык ар бир Тараптын каалоосу боюнча рыноктук принциптерге ылайык финансылык кызматташууну түзүүгө эки Тараптын финансылык органдарына дем берүү.

2. Тараптардын мамлекеттеринин чек арага чектеш райондорунда инвестициялоо үчүн ишканаларга кредиттик каражаттарды берүү үчүн ар кандай чараларды көрүүгө финансылык органдарга дем берүү.

3. Тиешелүү финансылык органдар тарабынан чек арага чектеш райондордун аймактарында филиалдардын ачылышына дем берүү.

4. Ушул Программаны ишке ашырууга көмөктөшүү максатында Тараптардын финансылык органдарынын ортосундагы кызматташууну колдоо.

5. Эгемендикти өз ара урматтоонун негизинде, эки мамлекеттин мыйзамдарын жана эки Тараптын эрежелерин сактоо менен трансчек аралык бухгалтерияны жана аудитти жөнгө салуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө.

XV. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрөт:

1. Трансчек аралык контрабандага, интеллектуалдык менчик укуктарын бузууга, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга жана экономикалык мыйзамга каршы аракеттердин жана кылмыштардын башка түрлөрүнө каршы биргелешип күрөшүү.

2. Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жана финансылык активдерди кайтаруу, ошондой эле киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу.

3. Экономикалык кылмыштарды аныктоодо, ачууда жана тергөөдө, ошондой эле экономикалык кылмыштарга тиешеси бар адамдарды репатриациялоодо жана өткөрүп берүүдө өз ара көмөк көрсөтүү.

XVI. Инновациялык иш жаатындагы кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрөт:

1. Инновациялык жана чыгармачылык (креативдик) ишти популярдаштыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү.

2. Инновациялык жана чыгармачылык иш жаатында эки тараптуу чек ара кызматташуусун өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

3. Өз ара кызыкчылык туудурган технологияларды өткөрүп берүүдө кызматташууга көмөктөшүү.

XVII. Чек аралык кызматташуу

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрөт:

1. Контрабандалык жүктөрдү ташуу, курал-жарактарды, ок-дарыларды, радиоактивдүү материалдарды, жарылуучу жана уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, баңги жана психотроптук каражаттардын жана алардын прекурсорлорунун контрабандасы, ошондой эле мыйзамсыз миграция, мыйзамсыз кирүү/чыгуу жана трансулуттук кылмыш ишинин башка түрлөрү менен биргелешип күрөшүү.

2. Трансчек аралык уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү.

3. Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана чек ара кадрларын даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу.

4. Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары өз компетенцияларынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну улантат:

- кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында мыйзамдуу тартипти биргелешип камсыз кылуу;

- чек арага чектеш райондордо жана өткөрүү пункттарында терроризмдин, сепаратизмдин, экстремизмдин ишин алдын алуу, бөгөт коюу жана ага каршы аракеттенүү боюнча бирдиктүү чараларды макулдашуу;

- чек ара белгилеринин, ошондой эле башка чек ара курулмаларынын бузулушун жана орун которуштуруусун же жоголушун аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу;

- чек арага чектеш райондордогу жана өткөрүү пункттарындагы абал жана мамлекеттик чек арада мүмкүн болгон кылмыш иштери жөнүндө ыкчам маалымат алмашуу;

- чек ара контролун жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу;

- өткөрүү пункттарында чек ара контролун тейлөөнүн натыйжалуулугун жана сапатын биргелешип жогорулатуу;

- мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүүдө чектеш Тараптын адамдарынын кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын өз ара коргоо. Мында Тараптардын мамлекеттик мыйзамдары бузулган жана алардын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү фактысы өз ара аныкталган учурда адамдардын, транспорт каражаттарынын ж.б. турган жерин аныктоого жана аларды белгиленген тартипте өз убагында кайтарууга көмөк көрсөтүү зарыл;

- Тараптардын юридикалык кадрларын даярдоо жана деңгээлин жогорулатуу жаатында өз ара аракеттенүү;

- достук визиттерин өткөрүү;

- зарыл маселелер келип чыккан учурда Тараптардын алмашуусу жана кызматташуусу.

XVIII. Корутунду жоболор

Ушул Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу талаш маселелер консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, алардын жол-жобосу Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

Зарыл болгон учурда Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Программага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Программанын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.

Ушул Программа кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

 

______________ шаарында 2023-жылдын  "__" __________ эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Программанын жоболорун чечмелөөдө ар кандай кайчы пикирлер болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн