РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 30-майындагы № 261 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2023-жылдын 30-майы № 261

 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

 

1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу 2023-жылдын 4-июнунан тартып 11-июнуна чейин Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына жиберилсин.

3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрилер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ

Борубаев Назирбек Нарматович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;

Зарылбек уулу Алмазбек

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун укуктук маселелер боюнча жетекчиси;

Солтобаев Талантбек Осмонбекович

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары;

Молдоисаев Джаныбек Турдубекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти;

Мырзаев Абдулат Абдираимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору;

Ашымбеков Таалайбек Нурланович

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

Толеев Ардак Азизбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;

Сарыбаев Эрмек Адылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;

Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кеңешчиси;

Надырбеков Мелис Шадыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн башчысы;

Сатиев Уланбек Кошбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу бөлүмүнүн башчысы;

Ботобаев Каныбек Калбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

Шаршеев Талгат Талантбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Эргешов Абдиназар Мамытович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Исираев Жусупбек Арыпович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору;

Усаров Нажимитдин Джалалович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын директору.