РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июнундагы № 307-т (Жийделик - Ак-Кыя автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорунун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу тууралуу) тескемеси

Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2023-жылдын 5-июну № 307-т

 

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында жайгашкан, узундугу 12 км Жийделик - Ак-Кыя автомобиль жолу муниципалдык маанидеги автомобиль жолдорунун категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолун оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана Жол фондунун каражаттарынын эсебинен оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрилер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров