|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ № 103 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 172, 2023-жылдын 27-декабрындагы ПТ № 273, 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192, 2025-жылдын 26-майындагы ПТ № 169, 2025-жылдын 24-июнундагы ПТ № 203 , 2025-жылдын 12-сентябрындагы ПТ № 301, 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 410, 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) тарабынан дайындалуучу/бекитилүүчү (мындан ары - дайындоолор) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо/бекитүү үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында (мындан ары - Президенттин Администрациясы) тандоонун тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген Кыргыз Республикасынын судьяларына, прокуратура органдарынын, дипломатиялык кызмат органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызмат адамдарына жайылтылбайт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 27-августундагы ПТ № 192 тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Президенттин Администрациясынын мамлекеттик кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоонун тартиби
4. Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына (мындан ары - номенклатура) кирген бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо Президенттин Администрациясына мыйзамдарда белгиленген тартипте келип түшкөн сунуштардын (мындан ары - сунуш) негизинде жүзөгө ашырылат.
(2-абзац КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
(3-абзац КР Президентинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 268 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
– ушул Жобонун 1-тиркемесине (саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкер) же 11-тиркемесине (саясий мамлекеттик кызмат орду, атайын мамлекеттик кызмат орду, саясий муниципалдык кызмат орду, административдик кызмат орду, аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат орду болуп саналбаган кызмат ордуна талапкер) ылайык форма боюнча резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
– саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна, саясий муниципалдык кызмат ордуна, административдик кызмат ордуна талапкердин жубайынын, жакын туугандарынын (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары), аскердик кызматтын, укук коргоо кызматынын кызмат ордуна талапкердин жубайынын, жакын туугандарынын (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, неберелери) паспортторунун көчүрмөлөрү;
- өмүр баяны (өз колу менен, эркин түрдө, бардык коюлган суроолорго жооп берүү менен, оңдоосуз жана булгоосуз жазылат);
- сүрөт тиркөө менен белгиленген формада кадрларды эсепке алуу боюнча өз колу менен толтурулган жана кол коюлган өздүк баракча (өз колу менен оңдоосуз, булгоосуз жана тазалоосуз, бардык коюлган суроолорго жооп берүү менен толтурулат);
- кесиптик билимин, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгын ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү);