КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2022-жылдын 28-июлу № 401-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 491-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин ишин оптималдаштыруу максатында, 1995-жылдын 30-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетин түзүү жөнүндө келишимге, ошондой эле 2011-жылдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин мындан аркы иши жөнүндө келишимге жана 2012-жылдын 23-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставы тууралуу меморандумга ылайык күчүнө кирген Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин уставына ылайык:
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин курамынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Камкорчулук кеңешинин кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 491-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кызмат орду боюнча:
- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Бишкек шаарынын мэри.