Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 310 токтомунун редакциясына ылайык

кγчγн жоготту)

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык Кеңешинин XXI чакырылышынын III-сессиясы

2014-жылдын 8-октябры № 219

Ош шаардык Кеңешинин

аппаратынын түзүмүн жана

штаттык санын бекитүү

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №532-“Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №452-“Кыргыз Республикасынын республикалык, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу токтомунун негизинде, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын штаттык саны №1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).

2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 17-августундагы №28-“Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев)  жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.

 

Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

У.Примов