КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин XIX сессияснын V чакырылышы
2014-жылдын 16-апрели № 9/4
"Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу кошунтардын аймактарын кенейтүү, жер аянтын которуу (трансформациялоо) боюнча сунушту бекитүү жөнүндө"
(Кара-Кочкор айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-октябрындагы № 7/1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кара–Кочкор айылдык округдук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу кошунтардын аймактарын кенейтүү, жер аянтын которуу (трансформациялоо) боюнча Кара-Кочкор айылынын “Кашкулак ийин” участкасынан № 314-15,8 га, №318-22,7 га, № 322-1,50 га инвентардык контурдагы жалпы аянты 40,0 га мелиоративдик даярдыктагы жер аянты, Сары-Булак айылынын “Боксо” участкасынан № 89-10,5 га, №91-3,60 га, №97-0,90 га инвентардык контурдагы 15,0 га кайрак айдоо жер аянты, Ак-Кыя айылынын “Арпа-Тектир” участкасынан №58-15,0 га инвентардык контурдагы кайрак айдоо жер аянты, бардыгы кайра бөлүштүрүү фондусунда, мамлекеттик менчиктеги 70,0 га жер аянтарын которуу (тарансформациялоо) боюнча Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн сунушу бекитилсин, макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара–Кочкор айылдык округунун кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Асанов
|
Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин кезектеги тогузунчу сессиясына. Кара–Кочкор айыл өкмөтүнөн |
СУНУШ
Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы жашоочулардын саны кобойгондуктон, уй-було саны да кобойуудо.
Азыркы учурда Кара–Кочкор айылынан 306 уй-було, Сары–Булак айылынан 115 уй–було, Ак–Кыя айылынан 27 уй було бардыгы 448 уй було уй салу учун арыз жазышып кезекте турушат. Ошондуктан калктуу конуштардын аймактарын кенейтуу жана жаны калктуу конуштарды тузу максатында Кара–Кочкор айылынын Кашкулак ийин участкасынан 40,0 га, Сары–Булак айылынын Боксо участкасынан 15,0 га, Ак–Кыя айылынын ичинен 5,0га жер аянтын которууну (трансформациялоо) чечип беруунуздорду билдирем.