ДоктринаКүчүндө

234gfgd

Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

345Кыргыз Республикасынын курулуш ЧЕНЕМДЕРИ

__________________________________________________________________________________

 

Курулуштагы ченемдик документтер тутуму

 

ЖЕР ТИТИРӨӨгӨ туруКтуу курулуш.

ДОЛБООРЛОО ЧЕНЕМДЕРИ 2

 

Сейсмостойкое строительство.

Нормы проектирования

 

Earthquake engineering.

Seismic Design Codes

 

__________________________________________________________________________________

 

Киргизүү датасы – 2024.03.29

 

1     Колдонуу чөйрөсү

 

1.1 Бул курулуш ченемдерин Кыргыз Республикасынын аймагындагы сейсмиктиги 7, 8, 9 жана 9 баллдан жогору болгон аянттарда (В жана И тиркемелери) жайгашкан имараттарды жана курулмаларды курууга, реконструкциялоого, күчөтүүгө жана калыбына келтирүүгө долбоордук документацияны иштеп чыгуу учурунда аткаруу керек.

1.2 Ошондой эле, бул курулуш ченемдери сейсмикалык таасирлер болгон учурда, адамдардын коопсуздугу камсыздалса, имараттардын жана курулмалардын нормалдуу эксплуатациялоосун кыйындата турган кайсы бир элементтеринин жабыркоосуна же эксплуатациялоону убактылуу токтотуп турууга жол бере турган талаптарды да камтыйт.

1.3 Бул ченемдердин негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

–    жер титирөө учурунда адамдардын өмүрүн коргоо;

–    жер титирөөлөрдөн зыянды чектөө;

–    жер титирөөдөн кийин калктын жарандык коргоосу үчүн маанилүү болгон имараттардын жана курулмалардын эксплуатациялык сапаттарынын сакталышын камсыз кылуу.

1.4 Ушул ченемдер обьекттерди долбоорлоого жана курууга жайылтылбайт:

–    ушул ченемдин талаптарына шайкеш келбеген габариттик өлчөмдөр, көлөмдүк - пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдер;

–    жаңы конструктивдик системалар, чечимдер, материалдар жана сейсмикалык коргоонун атайын системалары менен;

–    жер титирөөнү пайда кылуучу очоктордун магнитудасы 7,6 жана андан жогору болгон аймактарда жана/же күндүзгү бетте тектоникалык жаракалар пайда болушу мүмкүн болгон тилкелерде.

1.5 Ушул ченемдердин 1.4 жана 6.4.3 пункттарында көрсөтүлгөн обьекттерди, курулушу өтө маанилүү эмес объекттерден башка (7.2-таблицаны кара), тийиштүү ченемдик документтер иштелип чыкканга чейин, долбоорлоону жана курууну Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген ыйгарым укуктуу жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча адистештирилген уюмдар тарабынан иштелип чыккан долбоорлоого атайын техникалык шарттар боюнча ишке ашыруу керек.

1.6 Ушул курулуш ченемдерин өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан документтердин, (курулуш эрежелер, уюмдардын стандарттары, атайын техникалык шарттар, сунуштамалар ж.б.) жоболору ушул ченемдердин милдеттүү талаптарына каршы келбеши керек.

1.7 Ушул курулуш ченемдеринде каралган конструктивдик иш чаралардын жана эсептөө жүктөмдөрүнүн деңгээли минималдуу болуп саналат жана тапшырыкчынын каалоосу боюнча жогорулатышы мүмкүн.

1.8 Имараттардын жана курулмалардын жаңы конструктивдик системалары, ошондой эле жаңы материалдар жана конструкциялар аларды курулушта колдонгонго чейин тийиштүү эксперименталдык текшерүүдөн жана жарактуулугу 7, 8, 9 жана 9 баллдан жогорку сейсмиктик аянттарда техникалык күбөлөндүрүүдөн өтүшү керек.

 

2    Ченемдик шилтемелер

 

Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер келтирилген:

-      МАКЧ 3.03-07-97 «Темир жол жана автожол өтмөктөрү»;

-      МАКЧ 3.04-01-2005 «Гидротехникалык курулмалар. Негизги жоболор»;

-      МАКЭ 5.01-102-2002 «Имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарын жана негиздерин долбоорлоо жана орнотуу»;

-      МАМСТ 34028-2016 «Темир бетон тузүлүштөрү үчүн арматуралар прокаты»;

-      МАСТ 27772-2015 «Курулуш болот конструкциялары үчүн прокат. Жалпы техникалык шарттары».

Э с к е р т ү ү – Ушул курулуш ченемдерин колдонуу учурунда шилтемелердеги ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагында иштешин, Архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгүнүн тармагында саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын ушул жылы жарыяланган тийиштүү маалыматтары боюнча текшерүү керек. Эгер шилтемедеги документ алмаштырылган (өзгөртүлгөн) болсо, анда ушул курулуш ченемдерин колдонуу учурунда, алмашылган (өзгөртүлгөн) ченемдик документти колдонуу керек. Эгер шилтемедеги документ алмаштырылбай алынып салынса, анда ага шилтеме келтирилген жобо, бул шилтемеге тийиштүү эмес бөлүгүндө колдонулат.

 

3     Терминдер жана аныктамалар

 

Ушул курулуш ченемдеринде А тиркемесиндеги терминдер жана аныктамалар колдонулган.

 

4     Символдор, алардын кыскартуулары жана шарттуу белгилери

 

Ушул курулуш ченемдеринде Б тиркемесиндеги символдор, алардын кыскартуулары жана шарттуу белгилери колдонулган.

 

5     Жалпы жоболор

 

5.1            Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүү керек:

–        курулуш аянтынын жана райондун сейсмиктиги;

                    курулуш аянтында инженердик - геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары (инженердик - геологиялык изилдөөлөрдүн материалдарында бардык белгиленген инженердик-геологиялык элементтердеги туура толкундардын таралуусунун ылдамдыгынын орто эсеп менен өлчөнгөн маанисин (vs) көрсөтүү сунушталат);

                    имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик схемалары;

                    ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык аткарылган, курулмалардын жана имараттын көтөрүүчү конструкцияларынын сейсмикалык таасирге болгон эсептөөлөрүнүн жыйынтыгы;

–        ушул курулуш ченемдеринин тийиштүү бөлүмдөрүндө келтирилген ченемдик конструктивдик талаптар.

5.2            Бузулушу оор экологиялык кесепеттерге алып келе турган имараттар жана курулмаларды калк жайгашкан жерлердин чегинен тышкары, аймактын жантайышын жана басымдуулук кылган шамалдын багытын эске алуу менен жүргүзүү керек.

5.3            Ушул курулуш ченемдеринин жоболоруна ылайык долбоорлонгон имараттар жана курулмалар, ошондой эле алардын өзүнчө элементтери аларга башка колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарын да канааттандырышы керек, эгер башкасы ушул ченемдерде айтылбаса.

5.4            Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо учурунда төмөнкүлөр сунушталат:

‒        имараттарга жана курулмаларга сейсмикалык жүктөмдөрдүн азыраак маанисин камсыз кылган материалдарды, конструкцияларды колдонуу;

‒        имараттардын жана курулмалардын бийиктиги боюнча алардын үзгүлтүксүздүгүн жана пландагы вертикалдык конструкцияны бөлүштүрүүнүн бир түрдүүлүгүн, симметриялуулугун, регулярдуулугун жана тегиздигин камсыз кылуу;

‒        имараттардын жана курулмалардын бийиктиги боюнча жана пландагы массасын болжолдуу бирдей камсыз кылуу;

‒        бирдиктүү конструктивдик система катары сейсмикалык таасирге болгон имараттын (курулманын) реакциясын жана кабат ортосундагы жабууларынын диафрагмалдык абалынкамсыз кылуу;

‒        конструктивдик системаны анын башкы горизонталдык багытында каршылыгын жана жакын катуулугун камсыз кылуу;

‒        бардык багытта сейсмикалык таасирлерге каршылык кылууга жана пландагы тегеренүүчү термелүүлөрдү чектөөгө жөндөмдүү конструктивдик схемаларды колдонуу;

‒        ашыкчалыкка ээ болгон, көп жолку аныкталбаган конструктивдик системаларга артыкчылык берүү;

‒        имараттын же курулманын талкаланышына алып келүүчү көтөрүүчү конструкциялардын локалдык бузулууларынан же жол берилбеген деформациялануусунан сактоону камсыз кылган иш чараларды кароо;

‒        пластикалык деформацияланууга конструкциянын жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган иш чараларды кароо;

‒        конструктивдик системалардын конструкцияларда өнүгүү учурунда жана/же алардын ортосундагы пластикалык деформациялардын биригишинде туруктуулугун жана геометриялык өзгөрбөөчүлүгүн камсыз кылуу;

‒        көтөрбөөчү конструкциялардын сакталышын камсыз кылган иш чараларды карайт, алардын жабыркашы адамдардын ден соолугу үчүн коопсуздук келтирет же аларды четтетүүгө чоң чыгашаларды талап кылат.

5.5            Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо эсептөөлөрдүн жана алардын конструкцияларын сыноонун жыйынтыгына негизделет. Сыноолордун жыйынтыгын колдонуу менен долбоорлоо тийиштүү эсептөөчү сейсмикалык кырдаал үчүн талап кылынган ишенимдүүлүк деңгээлин камсыз кылышы керек.

5.6            Ушул курулуш ченемдеринин эсептөөчү жана конструктивдик жоболорункармоо учурунда имараттардын жана курулмалардын күчөп бара жаткан бузулуусуна эсептөөлөр талап кылынбайт.

5.7            Инженердик-сейсмометрикалык кызматтын станцияларын төмөнкү объектилерге орнотуу сунушталат:

- жаңы конструктивдик чечими менен имаратка;

- бийиктиги 60 метр жана андан көп иматтарга жана курулмаларга;

- сейсмикалык коргоонун атайын системалары менен имараттарга жана курулмаларга;

- өзгөчө маанидеги курулмаларга;

- архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик орган тарабынан аныкталган башка обьекттерге.

 

6        Курулуш аймагынын сейсмикалык коркунучу. Курулуш аянтынын кыртыштык шарттары жана сейсмикалык коркунучтуулугу

 

6.1        Райондун сейсмиктиги

 

6.1.1       Курулуш районунун сейсмикалык коркунучтуулугун Кыргыз Республикасынын аймагын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасын колдонуу менен, же болбосо Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарынын тизмеси боюнча аныктоо керек.

Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасы В тиркемесинде келтирилген.

Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарынын тизмеси алар үчүн сейсмикалык коркунучту балл менен жана ылдамдануу менен көргөзүп, Г тиркемесинде келтирилген.

6.1.2       Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасында жер титирөөлөрдү пайда кылган активдүү жаракалардын жана алардын сегменттеринин максималдуу локалдык магнитудасынын (MLH) таралышы төмөнкүдөй көрсөтүлгөн: ≤6,5; ≤7,0; ≤7,5; ≤8,0; >8,0.

6.1.3       Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасында Кыргыз Республикасынын аймагынын потенциалдуу сейсмикалык коркунучтуулугу горизонталдык жогорку чектеги (пиктик) ылдамдануу амплитудасы менен изотилкелери боюнча мүнөздөлөт: <0,2 g; 0,2g; 0,3 g; 0,4 g; 0,5 g; 0,6 g; 0,7 g.

Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасында келтирилген сейсмикалык интенсивдүүлүктүн көрсөткүчү agR, аска кыртыштарына киргизилет (6.1. таблицасы боюнча IA кыртыштык шарттарынын тиби).

6.1.4       Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасында, алардын ар биринин чегинде сейсмикалык коркунучтуулук шарттуу түрдө туруктуу деп кабыл алынган жана 7, 8, 9 жана 9 баллдан жогору шкаласы боюнча бүтүн сандуу баллдар менен мүнөздөлөт.

6.1.5       Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарынын тизмесинде (Г Тиркемеси) калктуу пункттагы аймактардагы сейсмикалык коркунучтун көрсөткүчтөрү балл жана жогорку ылдамдануу менен көргөзүлгөн.

6.1.6       Г тиркемесинде келтирилбеген калктуу пунктта жана курулуш аймактары үчүн, райондук сейсмикалык коркунучтуулугу ылдамдануу менен төмөнкүдөй аныктоого жол берилет:

-                I, II жана III (7.4 бөлүмү) функционалдык багыты боюнча жоопкерчилик классы менен обьекттерди долбоорлоо учурунда – интерполяция боюнча, мында, Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасында ар бир жуп изотилкенин ортосундагы аралыкта ылдамдануу мааниси үзгүлтүксүз жана акырындап өзгөрүп тураарын кабыл алуу керек;

-                IV функционалдык багыты боюнча жоопкерчилик классы менен обьекттерди долбоорлоо учурунда – Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасын түзүүчүнүн – уюмдун корутундусуна же болбосо атайын сейсмологиялык жана сейсмотектоникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча түзүү керек.

6.1.7 Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасында келтирилген сандык көрсөткүчтөрдү сейсмикалык чакан райондоштуруунун жыйынтыгынын негизинде жол берилет:

а) эгер бул карталарды колдонуу процессинде болжолдонгон сейсмикалык таасирлердин интенсивдүүлүгүнө жөндөмдүү, эске алынбаган факторлор табылган учурда;

б) ар кандай баллдагы же тоолуу райондордогу аймактардын ортосундагы чек арадан 15 км га чейинки аралыкта жайгашкан калктуу пункттар жана аймактар үчүн.

Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасын тактоону бул картанын түзүүчүсү - уюм гана аткара алат.

 

6.1 т а б л и ц а с ы – Сейсмикалык касиеттери боюнча кыртыш шарттарынын типтери

 

Кыртыш шартта-рынын типтери

Стратиграфиялык профилдин кыртыштары

(сүрөттөөчү белгилер)

Орто мааниси vs,10 жана vs,30, м/с

IA

Бардык түрдөгү аска кыртыштары шамалдабаган жана алсыз шамалдаган, борпоң катмарлардын жабуусу менен (5 м ге чейин).

vs,30 ≥800

IБ

Бардык түрдөгү аска кыртыштары шамалдаган, борпоң катмарлардын жабуусу менен (5 м га чейин).

Ири кесектүү кыртыштар басымдуу бөлүгү магматикалык жана метаморфтук тектерден (70% көп), тыгыз (кыртыштын тыгыздыгы ρ≥2,15 т/м3), кумдуу-чополуу толтургучту камтуу менен 30% га чейин, борпоң катмарлардын аз кубаттуу жабуусу (5,0 м ге чейин).

vs,10≥350

550≤vs,30<800

II

Аска кыртыштары катуу шамалдаган, ири кесектүү кыртыштар толтургучтун камтылышынан көз карандысыз тунма тектерден басымдуулук кылат (70% көп).

Ири кесектүү кыртыштардын 30% дан жогору толтургуч камтылышы менен бардык түрүлөрү.

Ири шагылдуу кумдар жана орто кесектеги ири кумдар сууга каныккандык даражасынан көз карандысыз тыгыз.

Ири кумдар жана орто тыгыздыгы менен орто ириликтеги кумдар аз жана орто суу каныккан даражасы менен.

Майда жана чаңдуу кумдарорто тыгыздыгы жана сууга каныккандыгы аз даражасы менен тыгыз. Агуучулук көрсөткүчү ≤0,5 болгон учурда чополуу кыртыштар чополор жана чополуу кумдар үчүн майда тешиктүүлүк коэффициенти е<0,9 болгон учурда жана кумдуу топурак е<0,7болгон учурда.

 

230≤vs,10<350

270≤vs,30<550

 

 

6.1 – таблицасынын аягы

 

Кыртыш шартта-рынын типтери

Стратиграфиялык профилдин кыртыштары

(сүрөттөөчү белгилер)

Орто мааниси vs,10 жана vs,30, м/с

III

 

Сууга каныккандыгына жана чоңдук даражасынан көз карандысыз борпоң кумдар.

Сууга каныккан орто тыгыздыктагы орто чоңдуктагы жана ири кумдар.

Сууга орто каныккан орто тыгыздыгы жана сууга каныккан тыгыз майда жана чаңдуу кумдар.

Агуучулук көрсөткүчү >0,5 болгон учурда майда тешиктүүлүк коэффициентинин маанисинен көз карандысыз чополуу кыртыштар. Агуучулук көрсөткүчү ≤5 болгон учурда чополуу кыртыштар чополор жана чополуу кумдар үчүн майда тешиктүүлүк коэффициентигинин мааниси е<0,9 болгон учурда жана кумдуу топурак е<0,7 болгон учурда.

vs,10<230

vs,30<270

Э с к е р т ү ү л ө р – Сүрөттөөчү маалыматтарды колдонуу учурунда:

а) курулуш аянтынын кыртыштык шарттарын IA жана IБ типтерине киргизүүгө жол берилет, эгер бул типтерге ылайык келген катмарлардын кубаттуулугу, пландаштырылган белгиден баштап үстүңкү 30-метрлик катмардын чегинде 25 м ашыкты түзгөн учурда, ал эми кыртыштын механикалык касиеттери тереңдиги боюнча (анын ичинде үстүңкү 30-метрлик катмардан төмөн болгондо) акырындап көбөйөт;

б) стратиграфиялык профилдин бир түрдүү эмес курамы учурунда кыртыштык шарттарды көбүрөөк жагымсыз типтерге киргизишет, эгер жогорку 10 метрлик калыңдыктын чегинде (пландаштыруучу белгиден баштап эсептегенде) бул типке кирген катмарлар 5 м дан ашык суммардык калыңдыкка ээ.

в) жер алдындагы суулардын деңгээлин жана курулуш аянтынын кыртыштык шарттарынын тибинин кыртышын суу каптоо деңгээлинин көтөрүлүшүн болжолдогон учурда, нымдуу абалда кыртыштын касиетине (нымдуулугун, консистенциясын) жараша аныктоо керек.

г) агуучулук көрсөткүчүнүн кумдуу жана чополуу кыртыштын нымдуулугунун мааниси туурасында маалыматтар жок болгон учурда, курулуш аянтынын кыртыштык шарттары жер алдындагы суунун деңгээли 5 метрден жогору болгон учурда, аны сейсмикалык касиеттери боюнча 3-типке киргизүүгө болот.

 

6.2            Сейсмикалык касиеттери боюнча курулуш аянтынын кыртыштык шарттары

 

6.2.1 Курулуш аянтынын кыртыштык шарттары сейсмикалык касиеттери боюнча IА, IБ, II жана III типтерге бөлүнөт.

6.2.2 Курулуш аянтынын кыртыштык шарттарынын типтерин 6.1-таблицасынын маалыматтарына ылайык аныктоо керек, бул инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгынан алынат, алар колдонуудагы ченемдик документтердин жоболоруна ылайык аткарылат жана курулуштун спецификалык шарттарына жана имараттын же курулманын жоопкерчилик классынан көз каранды болгон атайын талаптар эске алынат.

6.2.3 Курулуш аянтынын кыртыштык шартынын типтери үстүңкү 30 жана 10 метрлик калыңдыктагы vs,30 жана vs,10 туура толкундардын таралуусунун ылдамдыгынын эксперименталдык бекитилген маанисинен алып, аныктоо керек.

6.2.4 Туура толкундардын νs,30 таралуусунун орточо ылдамдыгын төмөнкү мааниге ылайык эсептеп чыгуу керек (6.1):

,                                                                         (6.1)

               мында hi жана νi – метр менен калыңдыгын жана м/с менен туура толкундун таралышын билдирет (жылдыруунун деформациясынын деңгээли 10-5 менен же андан аз болгондо), бул i-чи формация же N катмарлардын жалпы саны учурундагы катмар үчүн, бул үстүңкү 30-метрлик кыртыштык калыңдыгы учурунда.

6.2.5 νs,10 туура толкундардын таралуусунун орточо ылдамдыгын төмөнкү мааниге ылайык эсептеп чыгуу керек (6.2):

,                                                                          (6.2)

 

6.2.6 Эгер үстүңкү кыртыштык калыңдыкта туура толкундардын таралуусунун орто ылдамдыгынын көрсөткүчтөрүнүн бири (vs,10 жеvs,30) 6.1 таблицада көргөзүлгөн мааниге караганда азыраак мааниге ээ болсо, анда курулуш аянтынын кыртыштык шарттарын сейсмикалык касиети боюнча жагымсыз типке киргизүү керек.

6.2.7 Үстүңкү калыңдыктагы туура толкундардын ылдамдыгы туурасында маалыматтар жок болгон учурда, курулуш аянтынын кыртыштык шарттарынын тибин 6.1.таблицасында келтирилген сүрөттөөчү белгилер боюнча аныктоого жол берилет.

 

6.3            Курулуш аянтындагы сейсмикалык коркунучу

 

6.31.1   Курулуш аянтынын сейсмиктигин 2018-жылы иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын аймагын сейсмикалык жалпы райондоштуруу картасын жана Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарынын тизмесин колдонуу менен, же болбосо инженердик изилдөөлөрдүн курамында адистештирилген мекемелер тарабынан аткарылган, аянттарды сейсмикалык чакан райондоштуруунун натыйжасынын негизинде аныктоо керек.

6.31.2   Сейсмикалык чакан райондоштуруунун картасын иштеп чыгууга чейин, курулуштун аянтынын сейсмикалуулугун аныктоо керек.

а) балл менен – 6.2 таблицасы боюнча, Кыргызстандагы мүмкүн болгон максималдуу жер титирөөлөрдө жер бетинин термелүү күчтөрүнүн (интенсивдүүлүгүнүн) балл менен көрсөтүлгөн картасы (В тиркемеси) же калктуу пункттардын тизмеси (Г тиркемеси) боюнча курулуш районунун сейсмиктигин жана курулуш аянтынын кыртыштык шарттарынын тибин эске алуу менен;

б) горизонталдык ылдамданууда – чагылдыруунун жардамы менен (6.3):

                                                                          (6.3)

мында ag – курулуш аянтынын анын факты жүзүндөгү кыртыштык жана топографиялык шартында кыртыштын жогорку горизонталдык ылдамдануусунун эсептик мааниси;

agR – каралып жаткан курулуштун аянтында кыртыштын g үлүшүндө кыртыштын эң жогорку горизонталдык ылдамдануусунун референттик мааниси, Кыргызстандагы аскалуу грунтта сейсмикалык термелүүнүн жогорку чектеги (пиктик) ылдамдануулар (PGA) картасы (В тиркемеси) боюнча аныкталган IA тибиндеги кыртыш учурунда, же Г Тиркемеси боюнча;

S (agR) – курулуш аянтынын 6.3.3 пунктуна ылайык аныкталган, сейсмикалык таасирдин интенсивдүүлүгүнө болгон, факты жүзүндөгү кыртыштык шарттарын мүнөздөөчү коэффициент;

ST – курулуш аянтынын 6.3.4 пунктуна ылайык аныкталган горизонталдык сейсмикалык таасирлерди күчөтүүнүн топографиялык натыйжаларын эске алган.

6.31.3   Кыртыштык шарттарды мүнөздөөчү S(agR) коэффициентинин мааниси, сейсмикалык касиеттери боюнча курулуш аянтынын тибинен жана agR жогорку ылдамдануу чоңдугу боюнча көз каранды, аны 6.3 таблицасында келтирилген маанинин жардамы менен аныктоо керек.

 

6.2 т а б л и ц а с ы – Курулуш аянтындагы сейсмиктикти балл менен аныктоо

 

Кыртыш шарттарынын типтери

Райондук сейсмиктиги учурунда курулуш аянтынын сейсмиктиги (балл менен) сейсмикалык райондоштуруу картасы боюнча же Г тиркемесиндеги калктуу пункттарынын тизмеси боюнча

7

8

9

>9

IА жана IБ

7

8

9

>9

II

7

8

9

>9

III

8

9

>9

изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча

Э с к е р т ү ү – Тоо жергесинде жайгашкан же дөбөлүү аймактарда жайгашкан аянттардын сейсмикалык аянттарды аныктоо учурунда, сейсмикалык таасирлерди күчөтүүнүн топографиялык эффекттерин кошумча эске алуу керек (6.3.4 кара)

 

6.3 т а б л и ц а с ы – S(agR) коэффициентинин мааниси

 

Сейсмикалык касиеттери боюнча кыртыш шарттарынын типтери

agR чоңдугуна жараша S(agR) коэффициентинин мааниси

IA

1,0

IБ

1,0 ≤ (1,4 – аgR/g) ≤ 1,2

II

1,1 ≤ (2,0 – 2,5·аgR/g) ≤ 1,6

III

1,3 ≤ (2,5 – 3,0·аgR/g) ≤ 2,4

 

6.31.4   Өзүнчө жайгашкан же болбосо бийиктиги 30 метрден бийик бир багытта созулган (эки баскычтуу) дөбөдөгү айрым жөнөкөй учурлар үчүн SТ коэффициентинин мааниси 6.4 таблицада көргөзүлгөн.

 

 

 6.1 сүрөт – SТ коэффициентинин маанисинин аныктамасына

 

6.4  т а б л и ц а с ы – SТ коэффициентинин мааниси

Рельефтин категория-сы

Рельефтин мүнөздөмөсү

Аянттын жайгашуусу

SТ

1

15° кичирээк бийиктиктеги жалпак беттер жана дөбөлөр

—

1,0

2

15° жогорку боорлордун бийиктиги менен жалгыз дөбөлөр

боорунун үстүңкү кырына жакын

≥1,2

3

15° тан 30° ка чейинки бийиктиктеги жана негизге салыштырмалуу бир топ кичирээк кыры менен узун дөбөлөр

дөбөнүн чокусуна жакын 

≥1,2

4

Негизге караганда үстүнкү кырынын туурасы негиздүү кичирээк жана боорунун тиктиги 30° бийик болгон узун дөбөлөр

дөбөнүн чокусуна жакын 

≥1,4

 Э с к е р т ү ү ‒ Негизи менен аскалардын чокуларынын ортосунда жайгашкан аянтчалар үчүн, SТ күчөтүү коэффициентинин маанисин линейлүү интерпретация боюнча аныктоого жол берилет, анда 1,0 гө барабар болгон чокулардын негиздеринде SТ мааниси кабыл алынат

 

6.31.5   Курулуш аянтынын эсептик сейсмиктигин балл менен эсептеген учурда, долбоорлонгон имараттардын жана курулмалардын жол берилген габариттерин аныктоо учурунда, планда жана бийиктиги боюнча, ошондой эле конструктивдик ойлор боюнча кабыл алынган антисейсмикалык иш чараларда эске алуу керек.

6.31.6   Курулуш аянтындагы ag ылдамдануусундагы сейсмикалык коркунучту баалоону курулуш аянтындагы горизонталдык жана вертикалдык маанини аныктоо учурунда эске алуу керек (6.3.2 жана 7.5.5 кара).

6.31.7   Курулуш аянтындагы инженердик-геологиялык изилдөөлөрдө төмөнкүлөрдү көргөзүү керек:

а) курулуш аймагынын сейсмикалык коркунучунун көрсөткүчтөрү;

б) сейсмикалык касиеттери боюнча курулуш аянтынын кыртыштык шарттарынын типтери;

в) курулуш аянтынынсейсмикалык коркунучунун көрсөткүчтөрү;

г) жергиликтүү сейсмотектоникалык, геологиялык же топографиялык шарттардан улам сейсмикалык мааниден алып караганда жагымсыз болгон, факторлордун болушу же жоктугу.

6.31.8   Курулуш аймагынын сейсмикалык көрсөткүчтөрү Г тиркемесинде келтирилген бүтүн сандуу балл жана ылдамдануусу менен көрсөтүү керек же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагындагы сейсмикалык райондоштуруу картасы боюнча аныкталат.

6.31.9   Курулуш аянтынын сейсмикалык коркунучун көрсөткүчтөрүн бүтүн сандуу балл менен жана сейсмикалык чакан райондоштуруу картасында келтирилген ылдамданууларда көрсөтүү керек же болбосо 6.3.2 а) жана б) пункттарынын жоболоруна ылайык аныкталат.

6.31.10                    Кыртыштык шарттардын тиби жана курулуш аянтынын сейсмикалык коркунучтун көрсөткүчү 6.2 жана 6.3 кө ылайык аныкталат, пайдубалдын конструктивдик өзгөчөлүктөрүнөн жана куруу тереңдигинен, ошондой эле аларды күчөтүүдөн кийин же локалдуу участокторду алмаштыруудан кийин өзгөртүүгө жол берилбейт.

 

6.4            Курулуш аянтын тандоо

 

6.41.1   Курулуштун аянтын тандоо учурунда сейсмикалык мамилелерде жагымсыз аянттарда өзүнчө имараттарда жана курулмаларда же өнөр жай (өндүрүштүк) комплекстерде турак жай массивдерин жайгаштырууга жол берилбейт.

6.41.2   Сейсмикалык жактан алып караганда жагымсыз шарттарына төмөнкүлөр кирет:

๑)        жер титирөөнүн очокторунун мүмкүн болгон (ЖОМБ), 7,6 же андан жогору магнитудасы менен аймактарда жайгашкан;

๒)       күндүзгү беттерде тектоникалык жаракалардын пайда болушу мүмкүн болгон аянттарда жайгашкан;

๓)       суюлтууга жөндөмдүү кыртыш катмарлары менен;

๔)       9 баллдан жогору сейсмиктиктин III кыртыштык шарттарынын тибине ээ;

๕)       кыртыштардын жок болуучулугу, сүзгүчтөр, карстар, тоодо иштеп чыгуулар, тектердин физикалык-геологиялык процесстер тарабынан катуу бузулушу менен;

๖)        катуу бузулган структурасы менен же борпоң сууга каныккан кыртыштар менен тектерден түзүлгөн, 15° жогорку боорлордун бийиктиги менен;

๗)       көчкү, уранды, эшилген тоо жаракалары жана сел агымы боло турган аймактарда жайгашкан.

6.41.3   Ушул курулуш ченемдеринин 6.4.2 а) б) жана в) пункттарда көрсөтүлгөн аянттарда курулуш жүргүзүү үчүн багытталган имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, аларды 1.5 пунктуна ылайык ишке ашыруу керек.

6.41.4   Ушул курулуш ченемдеринин 6.4.2 в), г) жана д) пункттарда көргөзүлгөн аянттарда курулуш жүргүзүү убагында, кыртыштардын касиетин жакшыртуу же аларды алмаштыруу боюнча инженердик иш чараларды жүргүзүү керек, имараттардын жана курулмалардын негиздерин бекемдетүүгө чараларды жүргүзүү керек.

Кыртыштардын касиеттерин жакшыртуу, имараттардын жана курулмалардын негиздерин бекемдөө боюнча чаралар кыртыштын ажырымынын пайда болуу мүмкүндүгүн, боорлордун туруксуздугун жана жер титирөө учурунда кыртышты бекемдөө же суюлтуу менен байланышкан калдык тунмалардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек.

6.41.5   Боорлордун бийиктиги 15° көп болгон учурда курулуш аянттарында (6.4.2 е) ни кара) имараттардын жана курулмалардын контуру сыйгалануу тегиздигинин чегинен тышкары болушу керек, анын абалы сейсмикалык таасирлерди эске алуу менен боорду эсептөөдөн кийин орнотулат.

6.41.6   Ушул курулуш ченемдеринин 6.4.2 ж) пунктунда көргөзүлгөн аянттарда имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу, аларды көчкү, уранды, эшилген тоо жаракалары жана сел агымынан коргоо боюнча атайын иш чараларсыз жол берилбейт.

 

7        Сейсмикалык таасирлерге эсептөөлөр

 

7.1        Негизги жоболор

 

7.11.1   Имараттардын жана курулмалардын негиздерин жана конструкцияларды эсептөө сейсмикалык таасирлерди эске алуу менен негизги жана өзгөчө айкалыштарда аткарылат.

Бийиктиги 60 метрден ашкан имараттардын эсептөөлөрү ар кандай эсептик моделдерди пайдалануу менен экиден кем эмес сертификацияланган, көз карандысыз иштелип чыккан эсептик программалар боюнча аткарылышы керек. Көрсөтүлгөн эсептөөлөрдүн натыйжалары дал келбеген учурларда кыйла жагымсыз жыйынтыктарга ылайык келген чечим кабыл алуу зарыл.

7.11.2   Имараттарды жана курулмаларды эсептөө учурунда (транспорттук жана гидротехникалыктан башка) жүктөмдөр жана таасирлер боюнча КЧжЭ ылайык кабыл алынган, туруктуу жана убактылуу жүктөмдөрдүн эсептик маанилеринин жүктөмдөрүн өзгөчө айкалыштырууга 7.1 таблицасы боюнча кабыл алынган айкалыштардын коэффициентин көбөйтүү керек.

7.1 т а б л и ц а с ы – Жүктөмдөрдүн айкалышынын коэффициенти

 

Жүктөмдүн түрү

Айкалыштардын коэффициенти

1 Туруктуу:

а) металл конструкциялардын өздүк салмагынан

б) башка конструкциялардын өздүк салмагынан

 

0,95

0,9

2 Убактылуу узак

0,8

3 Кыска мөөнөттүү (жабууларга жана кайра жабууларга)

0,5

 

7.11.3   Сейсмикалык жүктөмгө кирген жүктөмдөрдүн өзгөчө айкалышында, төмөнкүлөр эске алынбайт:

๑)       таасирдин климаттык таасирлери, шамал жүктөмдөрү, транспорттон жана жабдуунун таасиринен динамикалык таасирлер, крандардын кыймылынан тормоздук жана каптал аракеттери;

๒)      ийилчээк асылмалардагы массанын горизонталдык жүктөмдөрү;

๓)       жүктөмдөр жана таасирлер боюнча КЧжЭ главасында каралган кран жүктөмдөрүн жана жабууларга жүктөмдү азайтуу.

7.11.4   Сейсмикалык жүктөмгө кирген жүктөмдөрдүн өзгөчө айкалышында, төмөнкүлөр эске алуу керек:

а)     кран алдындагы устундардын огуна перпендикуляр болгон багытта, крандардын арабаларынын жана мостторунун салмагынан сейсмикалык горизонталдык эсептөө жүктөмү;

б)     вертикалдык сейсмикалык эсептөөчү жүктөмдү аныктоо учурунда крандардын арабаларынын жана мостторунун салмагы 0,8 коэффициенти менен, ал эми крандын жүк көтөрүмдүүлүгүнө барабар жүктүн салмагы - 0,3 коэффициенти менен.

7.11.5   Имаратка же курулмага сейсмикалык жүктөмдөрдүн эсептөөчү маанисин төмөнкүдөй аныктоо керек:

а)     спектралдык ыкма боюнча;

б)     Ушул курулуш ченемдеринин Д тиркемесине ылайык калыптандырылган, жасалма, инструменталдык же синтезделген акселерограммалардын топтомун колдонуу менен.

7.11.6   Ушул курулуш ченемдеринин 7.1.5 а) боюнча сейсмикалык жүктөмдөрдү эсептөөлөрдү аныктоону бардык курулмаларга жана имараттарда аткаруу керек.

7.11.7   Ушул курулуш ченемдеринин 7.1.5 б) боюнча сейсмикалык жүктөмдөрдү эсептөөлөрдү аныктоону аткаруу керек:

            өзгөчө жооптуу же башка имараттар үчүн, аларда жер титирөө учурунда курулуш конструкцияларында жабыркоолордун болушуна жол берилбейт;

            атайын сейсмикалык коргоо системалары менен жабдылган имараттар үчүн;

            имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого атайын техникалык шарттарда сүрөттөлгөн учурларда.

7.11.8   Имараттарды жана курулмаларды эсептөөнү горизонталдык жана вертикалдык сейсмикалык жүктөмдөргө аткаруу керек.

7.11.9   Имараттарга жана жүктөмдөргө вертикалдык сейсмикалык жүктөмдү эске алуу керек, эгер 7.5.5 пунктка ылайык аныкталган сейсмикалык таасирдин вертикалдык компоненттеринин интенсивдүүлүгү 0,25 g ашса.

7.11.10                    Горизонталдык жана вертикалдык сейсмикалык жүктөмдөрдүн бир убактагы таасири, эгер сейсмикалык таасирдин вертикалдык компоненттери 0,25 g болсо, аларды эсептөө учурунда эске алуу керек:

๑)         «ийкемдүү» каркастык кабаттардын жана жогорку бийиктигин ченегич менен түркүк пайдубалдардын колонналары;

๒)        Басырылып же жергиликтүү ийрейүүсүн текшерген конструкциялар;

๓)        көтөрүүчү жана өзүн көтөрүүчү кыш (таш) конструкциялар;

๔)        24 жана андан көп метр пролет менен балкалар, рамалар, аркалар, фермалар, мейкиндик жабуулары;

๕)        горизонталдык жана жантайма консолдук конструкциялар;

๖)        кабаты 9 жогорку бийиктиктеги имараттардын вертикалдык көтөрүүчү конструкциялары.

7.11.11                    Имараттарды жана курулмаларды эсептөө учурунда сейсмикалык жүктөмдөрдүн мыйзамдуу өзгөргөн мүнөзүн эске алуу керек жана каралып жаткан элементтин чыңалган абалы үчүн пайдалуу эмес болгон багытын кабыл алуу керек.

 

7.2            Имараттардын жана курулмалардын эсептик моделдери

 

7.21.1   Жалпысынан алганда имараттардын жана курулмалардын эсептөөлөрүн жер үстүндөгү жана жер алдындагы конструкциялардын, пайдубалдын жана кыртыш негиздин биргелешкен ишин эске алуу менен аткарылат.

7.21.2   Имараттардын жана курулмалардын эсептик моделдерин адекваттуу чагылдыруу керек:

๑)       сейсмикалык таасир учурунда конструктивдик системаларды деформациялоонун мейкиндик мүнөзү;

๒)      планда жана конструктивдик системасынын бийиктиги боюнча массаларды жана катуулуктарды реалдуу бөлүштүрүү;

๓)       имараттардын жана курулмалардын конфигурациясы, конструктивдик системасынын көтөрүүчү элементтеринин жайгашуусу жана геометриялык параметрлери;

๔)       конструктивдик системанын реакциясынын таасирине жөндөмдүү көтөрбөөчү элементтер;

๕)      аралаш элементтердин конструктивдик системасында өз ара аракеттенүүнүн шарты;

๖)       конструктивдик системанын деформацияланышына бириккен кошулуулардын ийкемдүүлүгүнө таасири (зарыл болгон учурда);

๗)      конструктивдик системанын грунттук негизи менен байланыш шарттары, ошондой эле сейсмикалык таасирдин эффектисине жөндөмдүү башка мүнөздөмөлөр.

7.21.3   Ушул курулуш ченемдеринин 7.1.5 а) пункту боюнча эсептик сейсмикалык жүктөмдөр, ошондой эле бул жүктөмдөрдүн таасиринен натыйжаларды конструктивдик имараттар жана курулмалардын линейлүү-серпилгич абалын болжолдоп аныктоо керек.

7.21.4   Имараттардын жана курулмалардын эсептик линейлүү - солкулдак моделдерин куруу учурунда:

        көтөрүүчү болот конструкциялардын катуулугун, болотко анын солкулдак деформациясынын тийиштүү стадиясында физикалык мүнөздөмөлөрдү берүү менен эсептеп чыгуу керек;

        темир бетон жана таш менен курулган конструкциялардын катуулугун Е тиркемесинин жоболоруна ылайык аныктоо керек;

–    кыртыштык негиздин катуулугунун параметрлерин Ж тиркемесине ылайык аныктоо сунушталат.

7.21.5   Имараттын же курулманын жүктөмүнүн жана бөлүктөрүнүн салмагын (массасын) эсептик моделдин топтоштурулган түйүнүндө кабыл алуу керек.

Кандайдыр бир эсептик моделдин чекитине ыйгарылган массаны эсептеп чыгуу үчүн, туруктуу жана убактылуу жүктөмдөрдүн эсептик маанилерин колдонуу керек, ал каралып жаткан багыттагы инерциялык күчтөрдү түзөт, жана 7.1.2 жана 7.1.3 пункттарына ылайык кабыл алынган коэффициенттерге көбөйтүлөт.

Массанын топтоштурулган чекиттеринин жайгашуусу жана алардын эркиндигинин даражасынын санын имараттын же курулманын көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик схемаларынын өзгөчөлүктөрүнө жараша кабыл алууга жол берилет.

7.21.6   Имараттын же курулманын массасынын кандайдыр бир чекитке киргизилген бөлүгүн эсептеп чыгаруу учурунда, каралып жаткан багыттагы инерциялык күчтөрдү түзгөн туруктуу жана убактылуу жүктөмдөрдү эске алуу керек.

7.21.7   Имараттардын жана курулмалардын мейкиндик эсептөөчү моделдерин колдонуу учурунда, горизонталдык сейсмикалык таасирлер алардын башкы горизонталдык багыттарына бойлой салынышы керек, же, эгер башкы багыттардын абалы белгисиз болсо, бардык маанилүү горизонталдык багыттарга бойлой (имараттын конфигурациясына жана/же конструкциянын топтолушуна жараша кабыл алынган) жана алардын горизонталдык багыттагы ортогоналдык багытка бойлой жаткырылат.

7.21.8   Конструкциянын иштөөсүнүн чыныгы шарттарынын же алардын мүнөздөмөсүнүн бир жактуу эмес болгон учурда, азыраак жагымдуу шартта имараттардын жана курулмалардын эсептелген конструкцияны атайылап койгон эсептик моделдерди колдонуу сунушталат.

 

7.3            Спектралдык ыкма менен сейсмикалык эсептөөчү жүктөмдөрдү аныктоо

 

7.31.1   Эсептик сейсмикалык жүктөмдөр курулуштун районунун сейсмикалуулугуна, сейсмикалык касиеттери боюнча кыртыштык шарттардын тиби, курулуш аянтынын сейсмиктиги, кыртыштын жогорку ылдамдануусунун маанисин, ошондой эле конструктивдик схеманын өзгөчөлүгүн жана имараттардын жана курулмалардын жоопкерчилигине жараша аныкталышы керек.

7.31.2   Горизонталдык эсептик сейсмикалык жүктөмүн аныктоо үчүн Fik спектралдык ыкма менен чагылдырылышын колдонуу керек (7.1):

,                                                                           (7.1)

анда: Fik – k чекитине тиркелген анын өздүк термелүүлөрүнүн i- чи багыты үчүн горизонталдык багытта каралган имараттар же курулмаларга сейсмикалык жүктөм;

γIh – горизонталдык сейсмикалык жүктөмдү аныктоо учурунда имаратты же курулманын жоопкерчилигин эске алган коэффициент (7.4 бөлүмдү кара);

Sd(Ti) – 7.5.3 пунктуна ылайык аныкталган Ti мезгилде ылдамдануудагы (м/с2; g=9,81 м/с2) эсептик реакцияларынын спектринин мааниси;

Ti – имараттын де курулманын каралып жаткан горизонталдык багытта i-чи формадагы термелүү мезгили;

mik – k чекитине таандык болгон натыйжалуу модалдык масса, (7.2) туюнтманын жардамы менен аныкталган i-чи термелүү формасына ылайык келет:

, же                       mik=wk·ηik/g                                                                (7.2)

мында

ηik – i-чи тону боюнча өздүк термелүүлөр учурунда, жүктөмдүн жайгашкан жери (7.3.3. пункту боюнча аныкталган) жана сейсмикалык таасирдин багытында имараттын же курулманын деформациясынын формасынан көз каранды болгон коэффициент;

mk жана wk ‒ k чекитине таандык болгон массасы жана салмагы.

7.31.3   ηik коэффициентинин мааниси төмөнкүдөй аныкталат:

консолдук эсептөө схемасы үчүн (7.1-сүрөт) (7.3) туюнтманын жардамы менен:

;                                                                                 (7.3)

мейкиндик эсептөө схемасы үчүн (7.1 б сүрөт) (7.4) туюнтманын жардамы менен:

,                                                          (7.4)

мында:              Ui (zk) жана Ui (zj) – имараттын жана курулманын i-чи форма боюнча өздүк термелүүсү учурунда жылдыруу;

cos (Uik, U0) – Uik жылдыруу багыттарынын жана U0 сейсмикалык таасирдин ортосундагы косинустар;

n – топтоштурулган жүктөмдөрдүн саны.

                                                           а)                                б)

7.1- сүрөт

 

7.31.4   Вертикалдык эсептик сейсмикалык жүктөмүн аныктоо үчүн Fikv спектралдык ыкма менен чагылдырылышын колдонуу керек (7.5):

,                                                                       (7.5)

мында:              Fikv        – k чекитине тиркелген өздүк термелүүсүнүн i-чи формасы үчүн имараттардын же курулмалардын вертикалдык багытындагы эсептик сейсмикалык жүктөмү;

γIv – вертикалдык сейсмикалык жүктөмдү аныктоо учурунда имаратты жана курулманын жоопкерчилигин эске алган коэффициент (7.4 бөлүмдү кара);

Sdv (Tvi) – 7.5.3 пунктуна ылайык аныкталган Tvi мөөнөтүндө ылдамдануудагы эсептик реакциялардын спектринин мааниси;

Tvi – имараттын де курулманын вертикалдык багытта i-чи формадагы термелүү мезгили.

 

 

7.4            Имараттардын жана курулмалардын жоопкерчилик классы. Жоопкерчилик

коэффициенти

 

7.41.1   Адамдардын коопсуздугу үчүн аларды талкалануусунун кесепетинин коркунучуна жараша, алардын коомдук коопсуздук үчүн маанилүүлүгүнө жараша, жер титирөөдөн кийинки түздөн түз убакыттын мөөнөтүндө калкты коргоо үчүн жана алардын талкалануусунун социалдык жана экономикалык кесепеттеринен коргоо үчүн имараттарды төмөнкү жоопкерчилик боюнча бөлүшөт:

๑)       функционалдык багытына жараша – төрт класска;

๒)      кабаттуулугуна жараша – беш класска.

7.41.2   Имараттарды жана курулмаларды жоопкерчилигине боюнча алардын багытына жараша классификациялоо 7.2 таблицада келтирилген. Имараттарды жоопкерчилигине боюнча алардын кабаттуулугуна жараша классификациялоо 7.3 таблицада келтирилген.

7.41.3   Имараттын багыты жана кабаттуулугу боюнча жоопкерчилигинин класстарынын ар бир айкалышына γIh жана γIv жоопкерчилик коэффициенттеринин маанилери ыйгарылды, алар эсептик горизонталдык жана вертикалдык сейсмикалык жүктөмдөрдү аныктоо учурунда эске алынат. Имараттар үчүн жоопкерчилик коэффициенттеринин мааниси алардын багыты боюнча жана кабаттуулук боюнча алардын жоопкерчилигинин класстарынын айкалышына жараша 7.4 таблицада келтирилген.

 

7.2 т а б л и ц а с ы – Багыты боюнча имараттарды жана курулмалардын жоопкерчилик класстары

 

Жоопкер-чилик класстары

Жоопкерчилик классынын мүнөздөмөсү

Имараттардын жана курулмалардын типтери

I

Коомдук коопсуздук үчүн экинчи даражадагы имараттар жана курулмалар

Адамдардын дайыма туруусу каралбаган имараттар жана курулмалар, ал эми баш тартуулар баалуу жабдууларды бузуу жана/же курчап турган чөйрөнү булгоо менен коштолбойт:

- күнөсканалар, парниктер, анча чоң эмес убактылуу кармалуучу кампалар, ачык жеңил павильондор;

- убактылуу көмөктөшүүчү жана мобилдик.

II

I, III жана IV класстарына таандык болбогон имараттар жана курулмалар

I, III жана IV классына киргизилген имараттардан башка, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттар.

III

Сейсмотуруктуулугу алардын бузулуусунун социалдык кесепеттеринин позициясынан алып караганда маанилүү болгон имараттар жана курулмалар

Эксплуатацияланышы аларда көпчүлүк адамдардын узакка топтолушу менен байланышкан имараттар:

- мектепке чейинки мекемелердин, мектептердин, колледждердин, орто окуу жайлардын, жогорку окуу жайларынын имараттары;

- ооруканалардын жана төрөт үйлөрүнүн имараттары (IV классына киргизилгендерден башка);

- карылар үйлөрүнүн имараттары;

- калктын азыраак мобилдүү топтору үчүн имараттар;

- жатаканалардын, казармалардын, пенитенциардык кызматтардын имараттары жана башка буга окшогон багыттагы имараттар;

- театрлардын, кинотеатрлардын, жабык стадиондордун имараттары жана башка культтук, маданий-оюн көрсөтө турган жана көңүл ачуучу багыттагы имараттары, анын жалпы сыйымдуулугу 300 дөн 3000 гө чейин адам батат;

30 дан 60 метрге чейинки пролет менен имараттар (IV классына киргизилген имараттардан башка)

 

 

 

 

7.2 таблицасынын аягы

 

IV

Иштөөсү жер титирөөлөрдүн кесепетин жоюу учурунда жана калкты жарандык коргоо үчүн зарыл болгон имараттар жана курулмалар

Өрт депосунун имараты. Энерго жана суу менен камсыз кылуу системалары менен имараттар жана курулмалар (анын ичинде өрт өчүрүү жана IV жоопкерчилик классынын обьекттери үчүн резервдик системалар менен).

Өкмөттүк байланыш системалары менен имараттар жана курулмалар.

Ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын административдик имараттары;

өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча уюмдардын атайын курулмалары жана имараттары.

Жаракат жана хирургиялык бөлүмдөр менен ооруканалардын жана госпиталдардын имараттары; медициналык тез жардам станциясынын имараттары.

Чоң жана орто темир жол вокзалдардын жана аэропортторунун имараттары, ошондой эле алардын иштөөсүн камсыз кылуу системалары менен курулмалар (мисалы, кыймылды башкаруу);

самолеттор үчүн ангарлар.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга катышкан авариялык, медициналык жана башка кызматтар үчүн имараттар.

Социалдык жоопкерчиликтин жогорку деңгээли менен уникалдуу имараттар жана курулмалар

Театрлардын, кинотеатрлардын, концерттик залдардын, жабык стадиондордун имараттары жана башка культтук, маданий-оюн көрсөтө турган жана көңүл ачуучу багыттагы имараттары, анын жалпы сыйымдуулугу 3000 гө чейин адам батат;

Музейлердин имараттары; улуттук жана маданий аалуулуктардын сактагычтары менен имараттар; мамлекеттик архив имараттары.

60 метрден көп пролеттору менен имараттар жана курулмалар; зор көркөм жана тарыхый баалуулукка ээ болгон эстеликтер.

Э с к е р т ү ү – Бузулушу коркунучтуу экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон өтө уулуу же жарылуу коркунучу бар заттарды камтыган имараттарды долбоорлоо жана куруу тиешелүү ченемдик документтерди иштеп чыкканга чейин архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча адистештирилген уюмдар тарабынан иштелип чыккан долбоорлоо үчүн атайын техникалык шарттар боюнча ишке ашырылууга тийиш.

 

 

7.3 т а б л и ц а с ы – Кабаттуулугу боюнча имараттардын жоопкерчилик класстары

 

Имараттардын жоопкерчилик классы

Жоопкерчилик классынын мүнөздөмөсү

Бийиктиги

I

Кабаты аз имараттар

1-2-кабаттар

II

Орто кабаттуулуктагы имараттар

3-5-кабаттар

III

Көп кабаттуу имараттар

6-12-кабаттар

IV

Көпкабаттуулуктагы имараттар

13-18-кабаттар

V

Бийик имараттар

18 кабаттан жогору

 

7.4 т а б л и ц а с ы – Имараттар үчүн жоопкерчилик коэффициентинин мааниси

 

Имараттардын жоопкерчилик классы

Сейсмикалык таасирлердин натыйжаларын аныктоо учурунда колдонулган γIh жана γIv, коэффициенттеринин мааниси

дайындалы-шы боюнча

кабаттуулу-гу боюнча

горизонталдык

вертикалдык

Ι

I

γIh=0,5

γIv=0,5

II

I-II

γIh=1,0

γIv=1,0

ΙΙ

III – V

III

I-II

γIh=1,25

γIv=1,25

III – V

IV

I-II

γIh=1,5

γIv=1,5

III – V

γIv=1,5

Э с к е р т ү ү л ө р

1 Бул жерде жана андан ары: n – жердин пландаштырылган белгисинен төмөн жайгашкан кабаттардан башка, имараттагы кабаттардын саны, ошондой эле чүркө кабаттар, жогорку техникалык жана мансарддык кабаттар, эгер алар А тиркемесинде келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келсе.

2 Жер төлөнүн кабаты, эгерде анын үстү жердин орточо пландык белгисинен 2 метрден кем эмес жогору болсо, кабаттар санына киргизилет.

3 Имараттын жер астындагы бөлүгү топурак толтуруудан же жер астындагы курулуштун чектеш участокторунун конструкцияларынан конструкциялык жактан бөлүнгөн учурда жер астындагы кабаттар кабаттуулукка киргизилет.

 

7.5            Эсептик реакциялардын спектрлери

 

7.51.1   Горизонталдык сейсмикалык таасирлер эки ортогоналдык компоненттер менен сүрөттөлөт, алар көз карандысыз деп эсептелет жана реакциялардын бирдей спектрлери менен мүнөздөлөт.

7.51.2   Имараттардын жана курулмаларды эсептөө учурунда, сейсмикалык таасирдин горизонталдык компоненттери үчүн эсептик реакциялардын спектри Sd(T) (7.6) – (7.7) туюнтмалардын жардамы менен аныкталат:

0 ≤ T ≤ TC:                                     ,                                                       (7.6)

T ≥ TC: ,                                        (7.7)

 

мында: Sd (T) – сейсмикалык таасирдин горизонталдык компонентин мүнөздөгөн эсептик реакциялардын спектри;

TC – 7.5 таблицанын маалыматтарына ылайык кабыл алынган, спектралдык ылдамдануунун графигинин туруктуу участогундагы мөөнөттүн максималдык мааниси;

T – горизонталдык багыттагы эркиндиктин бир даражасы менен линейлүү системанын термелүү мөөнөтү;

ag – (6.3) туюнтмасына ылайык же Г тиркемеси боюнча аныкталган, курулуш аянтындагы эсептик горизонталдык ылдамдануу;

β – 0,2 катары кабыл алынган, горизонталдык компоненттер үчүн эсептик реакциялардын спектринин төмөнкү чегинин көрсөткүчү;

q – маанисин 7.6 бөлүмүнүн жоболоруна ылайык аныктоо керек болгон абал коэффициенти.

Сейсмикалык таасирдин горизонталдык компоненттери үчүн эсептик реакциялардын спектринин жалпы көрүнүшү 7.2 сүрөтүндө көргөзүлгөн.

7.51.3       Сейсмикалык таасирдин вертикалдык компоненттери үчүн эсептик реакциялардын спектри Sdv (Tv) (7.8) жана (7.9) туюнтмаларынын жардамы менен аныкталат:

0 ≤ Tv ≤ TCv:                   ;                                               (7.8)

TCv≤ Tv ≤ 2,0:                ,                                           

мында: Sdv(Tv) – сейсмикалык таасирдин вертикалдык компонентин мүнөздөгөн эсептик реакциялардын спектри;

TCv – 0,2 секундага барабар кабыл алынган, спектралдык ылдамдануунун графигинин туруктуу участогундагы мөөнөттүн максималдык мааниси;

Tv – вертикалдык багыттагы эркиндиктин бир даражасы менен линейлүү системанын термелүү мөөнөтү;

k – 7.6 таблицасынын маалыматтарына ылайык кабыл алынган даражанын көрсөткүчү;

agv – 7.5.5 пунктуна ылайыканыкталган, курулуш аянтындагы эсептик вертикалдыкылдамдануу;

q – маанисин 7.6 бөлүмүнүн жоболоруна ылайык аныктоо керек болгон абал коэффициенти.

Сейсмикалык таасирдин вертикалдык компоненттери үчүн эсептик реакциялардын спектринин жалпы көрүнүшү 7.3 сүрөтүндө көргөзүлгөн.

 

7.5 т а б л и ц а с ы – ТС мөөнөтүнүн мааниси

 

 

7.6 т а б л и ц а с ы – k даражасынын көрсөткүчү

Курулуш аянтынын кыртыштык шарттарынын типтери

ТС мааниси, с

 

Курулуш аянтынын кыртыштык шарттарынын типтери

k мааниси

IА жана IБ

0,48

 

IА жана IБ

0,60

II

0,72

 

II

0,45

III

0,96

 

III

0,35