Сравнение редакций…
2023-жылдын 28-декабры № 267-б
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү тартибти бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, аткаруу бийлигин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, буйрук кылам:
1. Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү Тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйруктун көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө тейлөөчү Министрдин орун басары А.К.Имангазиевге жүктөлсүн.
Министр | Ж.М. Кулубаев |
Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигинин
2023-жылдын «28» декабрындагы № 267-б
буйругу менен бекитилди
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү
ТАРТИБИ
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү ушул тартиби (мындан ары – Тартип) чет мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке коюу жана консулдук эсептен чыгаруу маселелерин жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Консулдук эсеп" АМС) Кыргыз Республикасынын жарандарын (мындан ары – жарандар) консулдук эсепке каттоо жана консулдук эсептен чыгаруу процесстерин автоматташтырууну камсыздаган маалыматтык системасы.
2) "Даректик - маалымдама бюро" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "ДМБ" АМС) - жашаган жери жана жүргөн жери боюнча жарандарды каттоо эсебине алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн камсыздаган, каттоо эсебине алуу органдары тарабынан түзүлгөн системасы.
3) "Талап кылуу" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – "Талап кылуу АМС) - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин маалымкатын берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан берилген документтерди талап кылуу жана/же аныктыгын тастыктоо жөнүндө маалыматты сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн багытталган маалыматтык системасы;
2. Консулдук эсеп жарандардын натыйжалуу консулдук тейлөөнү уюштуруу, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, анын ичинде шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Жарандарды чет мамлекетте консулдук эсепке каттоочу ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери) болуп саналат.
4. Жарандарды консулдук эсептен чыгарууга ыйгарым укуктуу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери;
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (мындан ары – КР ТИМ Консулдук департаменти);
3) Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан жарандарды каттоо эсебинен чыгарууну ишке ашыруучу жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы саналат.
6. Эгерде болуучуу мамлекетте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемеси жок болсо, консулдук каттоого Кыргыз Республикасынын консулдук округуна арыз ээсинин жашаган мамлекети кирген чет өлкөлүк мекемесинде жүргүзүлөт.
7. Жарандарды консулдук эсепке каттоо жана консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде төлөм албастан "Консулдук эсеп " АМС колдонуу аркылуу жүргүзүлөт.
8. Консулдук эсепке каттоо жана консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө арыз бергенде жарандар Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук берет.
9. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери төмөнкү жарандардын консулдук эсебин жүргүзөт:
- тиешелүү консулдук округдун аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон жашы жете элек балдарды, ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынган.
10. Консулдук кызмат адамы төмөнкү учурларда консулдук эсепке алуудан баш тартууга укуктуу:
- жалган же толук эмес маалыматтар берилгенде;
- жарандын жеке маалыматтарын чогултуудан жана иштеп чыгуудан баш тарткан учурда.
11. Жарандар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кетип жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо эсебинен чыгарылса Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган болуп эсептелет.
Эгерде жаран Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарылбаса, анда туруктуу консулдук эсепке каттоо тууралуу жүргөн өлкөсүндөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине кайрылганда бул жаран тарабынан ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жана даректен чыгуу баракчасын талап кылуу жөнүндө арызы берилет.
Консулдук кызмат адам "Консулдук эсеп " АМС аркылуу жарандын Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө арызын Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарегине жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жарандын арызынын негизинде ал каттоо эсебинен чыгарылгандан кийин "Талап кылуу" АМС аркылуу даректен чыгаруу баракчасын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин дарегине жөнөтөт.
2. Консулдук эсепке каттоо
12. Консулдук эсепке катталууда жарандын жеке катышуусунда консулдук кызмат адам "Консулдук эсеп" АМС аркылуу электрондук арызды толтурат жана анын паспортту сканерлейт.
13. Жашы жете элек жарандарды консулдук каттоого алуу үчүн ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү электрондук арызга киргизүү үчүн жашы жете элек балдардын маалыматтарын берет.
14. Идентификациялык жеке номердин (ИЖН) болушу консулдук эсепке каттоо үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
15. Консулдук эсепке алыстан каттоо үчүн жаран Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук дарегине 1-тиркемеге ылайык сканерленген арызды жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жиберет.
16. Кыргыз Республикасынын башка чет өлкөлүк мекемесинде консулдук эсепте турган жаранды консулдук эсепке каттоо учурда консулдук эсепке каттоо жөнүндө арыз келип түшкөн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесинин консулдук кызмат адамы ушул Тартиптин 18-пунктуна ылайык жаранды консулдук эсептен чыгарат жана ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык консулдук эсепке каттоону жүзөгө ашырат.
17. Жарандын талабы боюнча консулдук кызмат адам 4-тиркемеге ылайык "Консулдук эсеп" АМС аркылуу түзүлгөн консулдук эсепке каттоо жөнүндө маалымкат бере алат.
3. Консулдук эсептен чыгаруу
18. Жарандардын арызы боюнча консулдук эсептен чыгаруу 2-тиркемеге ылайык төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүдө;
- Кыргыз Республикасынын жараны башка чет мамлекетке жашоо үчүн кеткенде;
- Жаран башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчүү менен бир чет мамлекеттин чегинде жашаган жерин өзгөрткөндө.
19. Жарандарды консулдук эсептен арызысыз чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;
- тастыктоочу документтердин негизинде жаран каза болгондо.
20. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде консулдук эсептен чыгарылбаган жана Кыргыз Республикасына чыгып кеткен жарандар 2-тиркемеге ылайык арыз менен төмөнкү органдарга кайрылып консулдук эсептен чыга алышат:
- КР ТИМ Консулдук департамените;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына.
21. "Консулдук эсеп" АМС маалымат базасында катталбаган учурда жарандын жалпы жарандык паспортундагы консулдук эсепке катталгандыгы жөнүндө белги жараксыз деп эсептелет.
22. Жаран Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине же КР ТИМ Консулдук департаментине консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылган учурда 5-тиркемеге ылайык "Консулдук эсеп" АМС аркылуу түзүлгөн консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө маалымкат алууга укуктуу.
4. Корутунду жоболор
23. Консулдук кызмат адам арызда камтылган маалыматтардын тууралыгын жана ишенимдүүлүгүн текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
24. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде биометрикалык каттоодон өткөн жана ушул Тартипте белгиленген консулдук эсепке турган чет мамлекеттин аймагында жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашыра алышат.
25. Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо консулдук эсептин негизинде жүзөгө ашырылат.
26. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүүнү уюштуруу, шайлоо участкаларын түзүү жана иштөө тартиби шайлоо жана референдум өткөрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 28-декабры № 267-б
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү тартибти бекитүү тууралуу
(КР Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 1-М буйругуна ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, аткаруу бийлигин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, буйрук кылам:
1. Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү Тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйруктун көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө тейлөөчү Министрдин орун басары А.К.Имангазиевге жүктөлсүн.